Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Оморканов: Бишкекте өтө турган хоккей чемпионатына Третьяк келет

© Sputnik / Табылды КадырбековГлава Федерации хоккея КР Анвар Оморканов
Глава Федерации хоккея КР Анвар Оморканов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов 3-5-март аралыгында борбор калаадагы Шаардык муз аянтчасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөрүн айтты.
Оморканов: Бишкекте өтө турган хоккей чемпионатына Третьяк келет

Хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын төртүнчү дивизионуна атайын коноктор да чакырылган. Алардын арасында белгилүү хоккейчи Муз үстүндө ойноочу хоккей федерациясынын президенти Рене Фазель жана Россиянын Хоккей федерациясынын президенти, СССРдин хоккей жылдызы Владислав Третьяк келет. Бул тууралуу Анвар Оморканов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Эл аралык хоккей федерациясынын тарыхында дүйнө чемпионатынын төртүнчү дивизиону алгачкы ирет уюштурулуп жатат.

"Бул Кыргызстан үчүн эле эмес, Эл аралык хоккей федерациясы үчүн да тарыхый окуя. Анткени алгачкы жолу өткөрүлүп жатат. Чемпионатка төрт мамлекеттин оюнчулары катышат. Алар: Кыргызстан, Малайзия, Филиппин жана Кувейт өлкөлөрү. Биздин спортчулар 3-март күнү саат 19.00дө ачылыш салтанатынан соң дароо эле Филиппин командасы менен мелдешет. Андан соң 4-мартта малайзиялык хоккейчилер менен беттешсек, 5-мартта Кувейттин оюнчулары күтүп турат. Оюн айлампа эрежеси менен жүрүп, үч күн аралыгында бардык командалар бири-бири менен ойношот", — деди Оморканов.

Ал хоккей күйөрмандарын аталган күндөрү келип, Кыргызстандын курама командасын колдоп кетүүгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0