Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аскеров: илим боюнча эне болууга даярдыкты үч ай мурун баштоо керек

© Sputnik / Табылды КадырбековМедицина илимдеринин доктору, Кыргыз-Россия Славян университетинин акушерлик жана гинекология кафедрасынын профессору Арсен Аскеров
Медицина илимдеринин доктору, Кыргыз-Россия Славян университетинин акушерлик жана гинекология кафедрасынын профессору Арсен Аскеров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медицина илимдеринин доктору, Кыргыз-Россия Славян университетинин акушерлик жана гинекология кафедрасынын профессору Арсен Аскеров балалуу болууга даярдыкты үч ай мурун баштоо керектигин айтты.
Аскеров: илим боюнча эне болууга даярдыкты үч ай мурун баштоо керек

Болочоктогу энелердин ден соолугуна сырткы чөйрө, тамак-аш, экология, стресс терс таасирин берип жатат. Бул тууралуу Арсен Аскеров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, түйүлдүк жаткан тондун оорусу эрте же кеч жана экинчи ирет турмушка чыккан аялдарда кездешет, ооруп калган учурда дарылоого мүмкүнчүлүк болбогондуктан, аны алдын алуу гана керек.

"Аймактарда жана калаабыздагы жашаган аялдардын ден соолугуна генетикалык, иммундук таасирден тышкары сырткы факторлор көбүрөөк зыянын тийгизип жатат. Учурда эне болчу келиндердин салмагы жетпей же ашып кетип, кош бойлуулук салмактан да көз каранды болууда. Бул нерсе репродуктивдүү  өзгөрүүгө алып келет. Болочоктогу эне туура тамактанып жана булчуңдар алсыз болуп калбашы үчүн көп кыймылдоону сунуштайт элем. Кош бойлуулукка сөзсүз түрдө даярдануу керек. Медицинада бул үч ай убакытты түзөт. Бул аралыкта организмге керектүү заттарды чогултуу зарыл. Балалуу болууну пландаган келин өзү эле же өнөктөшү менен көзөмөлдөн өтүп, алдын ала чараларды көрө башташы керек. Өзүнүн организми тууралуу толук билип, өнөкөт оорусу бар болсо, аны дарылап, дени сак болсо профилактика катары пайдалуу заттар менен организмди күчтөнтүү зарыл. Дени сак аялдан дени сак ымыркай төрөлөт. Көбүнчө кош бойлуу аялдар заарадагы микробдордун көбөйүшүнөн, кандын аздыгы жана тондун оорусунан жабыркайт", — деди Аскеров.

Дарыгер кош бойлуу учурда кездешкен ооруларды дарыгерге кайрылуу менен жеңсе болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0