Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кыштообаев: жыл башынан бери таштанды ыргыткандардан 1 млн. 406 миң сом түштү

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясынын Санитардык – экологиялык инспекциясынын адиси Бердибек Кыштообаев
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык – экологиялык инспекциясынын адиси Бердибек Кыштообаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык–экологиялык инспекциясынын адиси Бердибек Кыштообаев ведомство элден чыккан таштандыларды көзөмөлдөө жана калаада жашоо үчүн ыңгайлуу шарт түзүү менен алектенерин айтты.
Кыштообаев: жыл башынан бери таштанды ыргыткандардан 1 млн. 406 миң сом түштү

2020-жылы бир айдын ичинде 119 мончо, сауна текшерилип, 83 миң айып пул салынган. Жыл башынан бери таштанды ыргыткандардан 1 млн. 406 миң 500 сом каражат түштү. Бул тууралуу Бердибек Кыштообаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Санитардык–экологиялык инспекция таштандыларды көзөмөлдөөдө Эреже бузуулар кодексиндеги эрежелер жана 2009-жылы жазылган Бишкек шаарынын эреже китепчесинин негизинде иш алып барат.

"2019-жылдан баштап Эреже бузуулар кодексинин 71-беренесине ылайык, таштанды ыргытуу боюнча эки бөлүктөн турган жаза каралган. Биринчи бөлүгүндө күнүмдүк тиричиликте колдонгон таштандыларды ыргыткандарга 3-категорияда, ал эми курулуш материалдары, өндүрүштөн чыккан таштандыларды ыргыткандарга 4-категорияда айып пул салынат. Тилекке каршы, бул тууралуу маалыматы аз болгондуктанбы, калк көп биле бербейт. Былтыр инспекция тарабынан 6157 мамлекеттик субъект текшерилип, үч жүзгө жакынына  кагаз түрүндө эскертүү берилген. Мыйзам бузгандар 4 миллион 624 миң 500 сомго айыпка жыгылды. Өткөн жылы 218 мончо, сауналар текшерилип, анда уруксат берилбеген материалдарды жагуу боюнча 135 миң сом айып пул салынды. Андан тышкары, кагаз жүзүндө да эскертүү берилди. Бул жылы да биздин инспекция бул жумуштарды улантып жатат", — деди Кыштообаев.

Ал күнүмдүк тиричиликтен чыккан таштандыларды ыргыткан жеке жактарга 5500 сом, ал эми юридикалык жакка 17000 сом салынарын айтты.  Ошол эле берене боюнча, өндүрүштөн чыккан таштандыларды ыргыткан жеке жактарга 7500, юридикалык тарапка 23 000 сом айып пул каралганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0