Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаманкулов: кино тармагына быйыл кошумча 30 млн. сом бөлүндү

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистр культуры, информации и туризма Азамат Жаманкулов
Министр культуры, информации и туризма Азамат Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов быйылкы жылдан баштап кино тармагына, анын ичинде сериал тартууга өзгөчө көңүл буруларын айтты.
Жаманкулов: кино тармагына быйыл кошумча 30 млн. сом бөлүндү

Быйыл кино тармагына кошумча 30 миллион сом каражат бөлүндү. Анын 10 миллионуна эки сериал тартуу пландалууда. Буд тууралуу Азамат Жаманкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, дүйнөдө адамдар биринчи кезекте сериалдарды, андан соң кадимки тасмаларды, ал эми үчүнчү орунда жаңылыктарды көрөрү аныкталган.

"Быйыл кино тармагын өнүктүрүү максатында мамлекеттен 30 миллион кошумча каражат каралды. Анын 10 миллионуна 12 сериядан турган эки сериал тартуу пландалууда. Сценарийлерге учурда сынак жүрүп жатат. Дүйнөлүк изилдөөлөрдө телесериалдардын көрүүчүсү арбын болору аныкталган экен. Андыктан булар аркылуу мекенди сүйүүгө, улуттук каада-салтты ардактоого жаштарды чакырсак болот", — деди Жаманкулов.

Министр эгер кино тармагына быйылкыдай көңүл бурулуп турса,  4-5 жылдын ичинде атамекендик сериалдарды көбөйтүп, аталган багытты бир топ өнүктүрүп алууга болорун кошумчалады

Жаңылыктар түрмөгү
0