Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Маратбеков: инвесторлорго жеңилдик берген жоболор иштелип чыкты

© Sputnik / Сергей АладьевӨнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башкы адиси Бекнур Маратбеков
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башкы адиси Бекнур Маратбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башкы адиси Бекнур Маратбеков инвестор тартуу үчүн атайын механизмдер жана шарттар түзүлүп жатканын айтты.
Маратбеков: инвесторлорго жеңилдик жараткан жоболор иштелип чыкты

Келечекте чакан ГЭСтерден чыккан кубаттуулук негизги энерго-объектилерге жакшы жөлөк болот. Бул тууралуу Бекнур Маратбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун көчмө студиясына маек куруп жатып билдирди.

"Энергиянын кайра жаралуучу булактары тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынды. Аны аткаруу максатында тиешелүү мекемелер, чакан ГЭСтер багытында иштеген ички инвесторлор, энерго-компаниялардын өкүлдөрү менен биргеликте ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Энергетика тармагына инвестиция тартуу биз үчүн абдан маанилүү. Анткени өлкөдө электр энергиясын колдонуу өсүп жатат. Ошондуктан келечекте чакан ГЭСтер негизги энерго-объектилерге көмөк көрсөтө алат", — деди Маратбеков.

Адис ошондой эле инвесторлорго жер тилкелерин бөлүп берүүнү жөнөкөйлөтүү боюнча жобо коомдук талкууга коюлганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 19-20-февралда "Гидроэнергетика. Борбордук Азия жана Каспий — 2020" конгресси Бишкекте болуп өттү. Анда гидроэнергетика тармагындагы ири компаниялар өз продукцияларын көрсөттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0