Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асанканов: чакан ГЭСтерге модернизация, реконструкция жасоо зарыл

© Sputnik / Сергей АладьевГенеральный директор компании ОАО "Чакан ГЭС" Эрмек Асанканов
Генеральный директор компании ОАО Чакан ГЭС Эрмек Асанканов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Чакан ГЭС" ААКнын башкы директору Эрмек Асанканов өлкөдө алгачкы чакан ГЭС 1928-жылы курулса, акыркысы 1954-жылы ишке берилгенин айтты.
Асанканов: чакан ГЭСтерге модернизация, реконструкция жасоо зарыл

Иштеп жаткан чакан ГЭСтерге модернизация, реконструкция жасоо зарылдыгы күч. Алардын алгачкылары бир кылымга чукул убакыттан бери иштеп келет. Бул тууралуу Эрмек Асанканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, гидроагрегаттарды эксплуатациялоонун убактысы эбак эле өткөн.

"Дүйнө жүзүндө жашыл экономикага артыкчылык берилүүдө. Чакан ГЭСтер экологияга зыян келтирбейт. Ошондой эле курулуш аз убакытта эле бүтүп, колдонууга берилет. Инвесторлорду ушундай сунуштар менен кызыктырууга аракет кылуудабыз. Анткени биздин чакан ГЭСтер эски болуп, модернизацияны талап кылат. Дагы 50-60 жылга чейин кызмат кылышы ыктымал, бирок бул нормага туура келбейт. Ошондуктан каражат табуу жолдорун караштырып жатабыз", — деди Асанканов.

Ошондой эле ал "Чакан ГЭС" ААКы толугу менен мамлекетке карап, анын тогуз станциясы өлкөдөгү электр энергиянын 1,5 пайызын өндүрө турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0