Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кубанов: Орто Азиядагы биринчи IT HUB Бишкекте курулат

© Sputnik / Иван ШульдяковРеспубликалык жаштар конгрессинин жетекчиси жана тил борборунун негиздөөчүсү Нурсултан Кубанов
Республикалык жаштар конгрессинин жетекчиси жана тил борборунун негиздөөчүсү Нурсултан Кубанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык жаштар конгрессинин жетекчиси жана тил борборунун негиздөөчүсү Нурсултан Кубанов IT HUB окуу борбору жалпы Кыргызстанга зор салым болорун айтты.
Кубанов: Орто Азиядагы биринчи IT HUB Бишкекте курулат

Бишкек шаарында Орто Азия боюнча курула элек IT HUB — маалымат технологиясы жаатында окутуучу чоң борбор ачканы жатабыз. Ачылышына дүйнөлүк масштабдагы коноктор келет. Бул тууралуу Нурсултан Кубанов Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Анын айтымында, IT HUB — бул маалымат технологиясына кызыккан жаштарды бириктирген аянтча. Аталган окуу борборун курууга кыргызстандык инвесторлор салымын кошот.

"Америкада 10 жылдан бери IT тармагында эмгектенген Эсен Ниязов деген мекендешибиз менен чоң долбоор ишке ашырганы жатабыз. Экөөбүз Вашингтон жана башка шаарларды кыдырып, дүйнөлүк деңгээлде иш алып барган инновациялык IT HUB, бизнес инкубаторлорду иштеткен көп тармактуу компаниялар менен жолугуштук. Эсен Чикаго шаарындагы Cybertek аталышындагы IT-компанияны жетектейт. Ал жерде 2,5 жылдын ичинде 300гө жакын кыргыз адистери билим алып чыгып, жакшы жумуштарга орношту. Ошол эле окуу борборунун аналогун Кыргызстанга да ачалы деп турабыз. Анда кыргызстандыктар сентябрь айынан тарта билим ала башташат. Учурда документтер бүтүп, жер, каражат маселеси чечилип жатат. Бул борбордо окуган жаштар алты айдын ичинде дүйнөлүк тенденцияга ылайык билим алып, Кыргызстанда отуруп эле дүйнө жүзү менен байланышта болуп, иштегенге мүмкүнчүлүк жаралат. Биздин негизги максатыбыз кыргызстандыктар тейлөө тармагында гана иштебестен, интеллектуалдык жактан күчтүү адис катары эмгектенүүсүн каалайбыз. Учурда IT тармагында эч ким төрт жыл окубай калган. Көп болсо 1-2 жыл билим алышат. Жаңы ачыла турган борбордо англис тилинде эртең мененки тогуздан алтыга чейин окушат", — деди Кубанов.

Ал IT HUB ачылгандан баштап биринчи жылы 300 IT адисин даярдап чыгуу пландалганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0