Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акматова: Россиядан алып келинчү медициналык автопоезддер эки облуста иштейт

© Sputnik / Табылды КадырбековКоомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова
Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан автопоезддерди алып келүү боюнча РФ менен 2016-жылдан бери сүйлөшүүлөр жүрүп, 2019-жылы келишим түзүлгөнүн айтты.
Акматова: Россиядан алып келинчү медициналык автопоезддер эки облуста иштейт

Аймактардагы жарандардын ден соолугун текшерүү жана кам көрүү үчүн Россия Федерациясынан автопоезддер алып келинет. Бул тууралуу Айнура Акматова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, алып келинген техника негизинен Жалал-Абад жана Чүй облустарында иш алып барат.

"Өткөн жылы мобилдүү клиникалар төрт облусту кыдырып калктын саламаттыгын текшерген. Бардык аймактарды кыдырып жетишпей калганбыз. Быйыл бул жөрөлгө улантылат. Россия жардам көрсөтүп, дагы бир мобилдүү клиника алып келинет. Ал Баткен облусунда иштей баштайт. Муну менен катар эле ноябрда бардык тийиштүү жабдыктары менен автопоезддер Россиядан алып келинет. Бул боюнча "СПИД Инфосвязь" коомдук фонду менен келишим түзүлүп, тапшырык берүү, ташып келүү боюнча макулдашылды. Алар дагы жер-жерлерде калктын саламаттыгына кам көрүүгө кызмат кылат. Автопоезддин изилдөөчү блогунан тышкары дарыгерлерди ташыганга автобусу дагы бар. Муну дөңгөлөктүү ФАП десе дагы болот. Анда негизинен ооруну аныктоо жана жеңил-желпи медициналык жардамдар көрсөтүлөт," — деди Акматова.

Ошондой эле ал аталган иш-чаралар өкмөттүн "Дени сак адам — дени сак улут" программасынын алкагында аткарылып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0