Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сатыбалдиева: витаминдерди тамак-аш аркылуу алууга аракет кылуу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Үмүт Сатыбалдиева
Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Үмүт Сатыбалдиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Үмүт Сатыбалдиева балдар, карылар, кош бойлуу аялдар көбүрөөк витаминге муктаж экенин айтты.
Сатыбалдиева: витаминдерди тамак-аш аркылуу алууга аракет кылуу керек

Витаминдин жетишсиздигинен адамдын акыл-эси толук өрчүбөй, дене бою өспөй калуу коркунучу бар. Тери, булчуң, ооз көңдөй оорулары козголуп, көздүн көрүүсү начарлайт. Бул тууралуу Үмүт Сатыбалдиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тамак жасаганда ашыкча кайнатып же кууруганда андагы витаминдер азаят.

"Витаминдер адамдын организми үчүн керектүү активдүү биологиялык бирикме. Ал организмге тамак-аш менен кирип турушу керек. Эгерде витамин жетишпесе, организмде өзгөрүү болуп, адам ооруга чалдыгып калышы ыктымал. Витамин организмге жетиштүү болушу үчүн рационду карап чыгуу зарыл. Жашылча-жемиштер көбүрөөк болуусу шарт. Андан тышкары, рафинатталган ун, май, шекерде витамин аз болот. Жогорку сорттогу азык болгону менен анда пайдалуу заттар аз. Ал эми мезгилге жараша да витаминдин жетишсиздиги болушу мүмкүн. Мисалы, жазга маал кышкыга сакталган алма жана башка жемиштердин сапаты төмөндөп, февраль айынан кийин курамындагы витаминдер азайып калат. Ошол учурда А, В, С витаминдерин кабыл алуу керек. Тамак жасап жаткан учурда кулинардык технологияны туура эмес колдонуу же азыктарды туура эмес сактоо да витаминдердин азайышына алып келет", — деди Сатыбалдиева.

Ал витаминдерди адам өзү билип иче бербестен, дарыгердин сунушу менен гана кабыл алуу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0