Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Осмоналиев: 11 жылдык билим алууга милдеттендирүү туура чечим

© Sputnik / Табылды КадырбековЖусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин профессору Каныбек Осмоналиев
Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин профессору Каныбек Осмоналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин профессору Каныбек Осмоналиев Билим берүү министрлигинин 11 жылдык окутууга милдеттүү түрдө өтүү чечимин колдорун айтты.
Осмоналиев: 11 жылдык билим алууга милдеттендирүү туура чечим

Орто мектепте билим алууну 9-класстан кийин баланын өз эркине коюу ката болгон. Мындай кадам ошол кездеги өспүрүмдөрдүн ар кандай туура эмес кадамдарга баруусуна салым кошту. Бул тууралуу Каныбек Осмоналиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, баланын дүйнө таанымы 15-16-17 жашында калыптанат. Андыктан бул убакытта ата-энеден алыстабай, педагогдордун көзөмөлүндө болуп 10-11-класста билим алуусу керек. Мындай тажрыйбаны көп өлкө колдонот.

"Толук атеисттик мамлекеттен дароо светтик түзүмгө өттүк. Эгемендүүлүк алгандан кийин жергебизге ар кандай диний агымдар кире баштады. Алардын ичинде деструктивдүү агымдар дагы жок эмес. Мектепте билим алууну 9-класстан кийин милдеттүү эмес кылып коюу менен мына ошолорго даяр кадрларды берип койдук. Натыйжада балдардын башынан эмнелер гана өтпөдү. Базарда араба түртүп жүргөндөрү болду. Ар кандай диний уюмдарга азгырылып, алды Бангладештен тарта бүт ислам, ал тургай христиан өлкөлөрдөн билим алышты. Алардын көпчүлүгү туура эмес көз карашта кайтып келишти. Мына ушунун азабын бүгүнкү күнгө чейин тартып келе жатабыз. Ошондуктан милдеттүү түрдө 11 жылдык билим алууну катуу талап менен киргизишибиз керек", — деди Осмоналиев.

Профессор, кабыл алынган мыйзамга ылайык, 9-классты бүткөн окуучунун андан ары билим алуусун мектептен, кесиптик лицейден же колледжден улантуу менен аттестат алууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын аягында окуучуларды жалпы билим алууга милдеттендирген мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 9-класстан кийин окуудан баш тартууга тыюу салынып, 11 жылдык билим берүү милдеттүү түрдө киргизилген. Аталган мыйзам 2022-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0