Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамбетакунов: окуу китептери ар тараптуу экспертизадан өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Улан Мамбетакунов. Архив
Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Улан Мамбетакунов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Улан Мамбетакунов жалпы билим берүүчү мекемелер үчүн окуу-методикалык комплекстерин тандоо боюнча жаңы жобо иштелип чыкканын айтты.
Мамбетакунов: окуу китептери ар тараптуу экспертизадан өтөт

Учурда интернет айдыңынын кеңейиши менен такталбаган маалыматтар да көбөйүүдө. Окуу китептерине мына ушундай материалдар кирип калбашы үчүн аны көзөмөлдөө максатында атайын жобо кабыл алынды. Эми окуу китептери басылып чыгардан мурда ар тараптуу төрт экспертизадан өтөт. Бул тууралуу Улан Мамбетакунов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаңы жобого ылайык, окуу-методикалык комплексти тандоо боюнча жарандардын сунуш-пикирлери кабыл алынат.

"Эми окуу китептер илимий, илимий-педагогикалык, илимий-практикалык-педагогикалык жана гендердик болуп ар тараптуу төрт экспертизадан милдеттүү түрдө өтөт. Учурда көптөгөн окумуштуулар далилденбеген маалыматтарды интернет булактарына киргизүүдө. Китептин авторлору аны колдонгон учурлар дагы жок эмес. Ошондуктан аларга илимий экспертиза жүргүзүлөт. Анда берилген маалыматтар, теория, түшүнүктөр так берилгени текшерилет. Ал эми илимий-педагогикалык экспертизада китептин мазмуну мамлекеттик, предметтик стандарттарга туура келер-келбесин аныктайт. Илимий-практикалык-педагогикалык экспертиза учурунда китеп мектептерден апробациядан өткөрүлөт. Мында мугалимдер менен окуучулар текст түшүнүктүү, жеткиликтүү берилгенин, тапшырмалар кайталанбаганын карашат. Мындан тышкары, гендердик жана дискриминация боюнча экспертиза жүргүзүлүп, китептерге диний, улуттук, гендердик дискриминация боюнча маалыматтар кирген-кирбегени текшерүүгө алынат", — деди Мамбетакунов.

Ошондой эле ал окуу-методикалык комплекске окуу китеби, мугалимдер үчүн методикалык колдонмо, окуучулар үчүн иш дептерлер, маселелер жана тексттик жыйнактар кире турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0