Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманалиев: китеп белек кылуунун эл аралык күнүнө карата акция уюштурдук

© Sputnik / Табылды КадырбековАким Иссык-Кульского района Данир Иманалиев
Аким Иссык-Кульского района Данир Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл райондук администрациясынын башчысы Данир Иманалиев жаштардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу үчүн улуу муундагылар жол көрсөтүшү керектигин айтты.
Иманалиев: китеп белек кылуунун эл аралык күнүнө карата акция уюштурдук

Ысык-Көл районунда 14-февраль — китеп белек кылуунун эл аралык күнүнүн алкагында айылдык китепканаларга китеп белек кылуу акциясы башталды. Аталган иш-чарага райондун бардык тургундары катыша алат. Бул тууралуу Данир Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, райондук акимчиликтин бул демилгеси жашоочулардын кызыгуусун жаратууда.

"Өлкө боюнча "Бир адамдан бир китеп" акциясы жүрүп жатат. Биздин райондун тургундарынын арасында да ушул багыттагы акция бир айлык негизде жылда өткөрүлүп келет. Быйыл 14-февраль - китеп белек кылуунун эл аралык күнүнө карата аталган иш-чараны баштадык. Буюрса эл майрамды да, акцияны да жылуу кабыл алып, активдүү катышууда. Мындан сырткары, муниципалдык, мамлекеттик кызматкерлер тарабынан да колго алынып, алар бир же андан ашык китепти китепканаларга белек кылат. Бул акция бүткөндөн кийин кандай жыйынтык болгонун талдап чыгабыз", — деди Иманалиев.

Ошондой эле ал аталган иш-чарада балдарды китеп окууга кызыктыруу, аларга өрнөк болуу негизги максаттардын бири экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0