Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аманжолова: бийликти күч менен басып алган киши жарандыгынан ажырашы мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековЮстиция министрлигинин стратегиялык пландаштыруу жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Кундуз Аманжолова
Юстиция министрлигинин стратегиялык пландаштыруу жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Кундуз Аманжолова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Юстиция министрлигинин стратегиялык пландаштыруу жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Кундуз Аманжолова "Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуу" мыйзамына өзгөртүүлөр сунушталып жаткандыгын айтты.
Аманжолова: бийликти күч менен басып алган киши жарандыгынан ажырашы мүмкүн

Кыргызстандын жарандыгынан чыгуунун учурда үч жолу бар. Биринчиси — адам өзү баш тартып, президенттин атына арыз менен кайрылса, экинчиси — жарандыгын тастыктаган бүт документтерин жоготуп алган учуру. Ал эми үчүнчүсү өлкөнүн жарандыгын алуу үчүн даярдалган документте кандайдыр бир жалган маалыматтар камтылып, ал кийин билинип калса, адам жарандыгынан ажыратылат. Бул тууралуу Кундуз Аманжолова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган мыйзамга өзгөртүү киргизүү 2017-жылдан бери карай эле түрдүү редакцияда сунушталып келет.

"КР жарандыгынан ажыратуу мыйзамынын айрым беренелерине өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Алсак, эгер ал террордук уюмдарды каржыласа, аларга кошулуп ишмердүүлүк жүргүзсө, террордук иштерди жалдануучу болуп аткарса, сепаратисттик иштерге барса, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоодо саткынчылык кылса, бийликти күч менен басып алса же басып алууга аракеттер жасалган учурда жарандыгынан ажыратуу сунушталууда. Биздин азыркы сунуш боюнча мындай чечимди кабыл алуу сотторго жүктөлөт. Бирок бул азырынча сунуш гана болгондуктан, башка тиешелүү органдардын катышуусу менен алымча-кошумчалар камтылышы мүмкүн", — деди Аманжолова.

Ал жарандыгынан ажыратуу чечимин соттор эмес, атайын түзүлгөн комиссия чыгарсын деген да пикирлер айтылып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0