Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бообекова: эркек аялынын мактоосун туура кабыл алганды билиши керек

© Sputnik / Табылды КадырбековКандидат педагогических наук, психолог Кадиян Бообекова
Кандидат педагогических наук, психолог Кадиян Бообекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Психолог, педагогика илимдеринин кандидаты Кадиян Бообекова үй-бүлөдөгү аял-эркектин мамилесин чыңдоо жолдоруна токтолду.
Бообекова: эркек аялынын мактоосун туура кабыл алганды билиши керек

Аял күйөөсүн мактап турушу зарыл, бирок эркек да ошону туура кабыл алганды билиши керек. Жубайынын мактоосун милдет катары эмес, колдоо катары түшүнүп, өзү да ага мээрим төгүүсү абзел. Бул тууралуу Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эркек үй-бүлөсүн камсыздап жаткандыгы үчүн аялы ага жылуу мамиле кылуусу шарт деп ойлосо жаңылышат. Мындай түгөйлөр көпкө чейин ынтымактуу жашай алышпайт.

"Албетте, аялы күйөөсүн мактап, "сен арстансың", "сен шумкарсың" деген сыяктуу жылуу сөздөрү менен кубаттап турушу керек, бирок эркек бул мамилени туура кабыл алганды билиши зарыл. Мен аялымды багып жатканым үчүн ал мага жылуу мамиле жасоого милдеттүү деп ойлонсо жаңылышат. Анткени үй-бүлөнү камсыздоо — эркектин милдети. Ал да жубайына мээримин төгүп, жылуу мамилеси менен жооп кайтарып, керек учурда аялын жылуу сөзү менен колдоп турса үй-бүлөдө ынтымак болот. Үй-бүлөнү сактоо, ага кут уялатуу бир гана аялдын жоопкерчилиги эмес, экөө тең бирдей аракеттениши зарыл", — деди Бообекова.

Психолог аялдын жылуу сөзүн кошомат, алдоо катары кабыл алган эркектер көбүнесе бала кезинде жылуу сөз укпай чоңойгон болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0