23:48 06 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6016
  • RUB1.1108

Кадырбеков: "Маркумдар үнү" романын окуу боюнча жарыш жүрүп жатат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
105 0 0

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков китеп белек кылуу маданиятын жайылтуу зарылдыгы турганын айтты.

Кадырбеков: "Маркумдар үнү" романын окуу боюнча жарыш жүрүп жатат

Ата-энелер балдарга сериал көрүп, сотка чукуп эмес, китеп окуп өрнөк болушу керек. Бул тууралуу Нуржигит Кадырбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда чоңдор өрнөк болбосо деле жаштардын арасында китеп окууга кызыгуу күчөп жатат.

"Сериал көрүп, сотка чукулап отуруп баланы китеп оку деген болбойт. Сөз чакырат, үлгү ээрчитет. Ошондуктан ата-энелер үлгү болуп, балдарга өрнөк болушу зарыл. Жаштар үйдөн эмес чөйрөдөн таасир алып, китеп окууга кызыгышууда. Жаштар өздөрү демилгелеп, республикалык деңгээлде бир нече акция, сынактар өттү. Учурда министрликке тийиштүү китепканаларда "Маркумдар үнү" романын окуу боюнча жарышып жатышат. Бир жылда ушуга окшогон 20га чукул сынак өткөрөлү деп пландап жатабыз", — деди Кадырбеков.

Ошондой эле ал китеп окуу үчүн атайын убакыт бөлүп, даярдануу зарыл эместигин, жөн гана күнүмдүк адатка айландыруу туура болорун кошумчалады.

Тема боюнча

Кадырбеков: "Китепкөй Кыргызстан" акциясы башталды
Белгилер:
белек, маданият, китеп, Нуржигит Кадырбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ