Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Маматов: "Акылдуу мектеп" долбоору төрт компоненттен турат

© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү жана илим министрлигинин маалымат менен камсыздоо секторунун башчысы Расул Маматов
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат менен камсыздоо секторунун башчысы Расул Маматов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат менен камсыздоо секторунун башчысы Расул Маматов "Акылдуу мектеп" долбоору иштелип чыкканын айтты.
Маматов: "Акылдуу мектеп" долбоору төрт компоненттен турат

"Электрондук күндөлүк" аркылуу ата-энелер мектептеги баласына көзөмөл жүргүзө алат. Бул тууралуу Расул Маматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы Коопсуздук кеңеши тарабынан аталган долбоорду ишке ашыруу чечими чыгарылган.

"2020-жылы министрлик тарабынан "Акылдуу мектеп" долбоорунун модели иштелип чыгып, ал "электрондук кызматтар", "электрондук чөйрө, "электрондук мугалим" жана "электрондук билим берүү" деген төрт топтон турат. Алгач "электрондук күндөлүк" киргизилет. Анын негизги артыкчылыгы мугалимдердин журнал, күндөлүк, план-конспект, календарлык план деген кагаз документтери электрондошот. Мындан тышкары, ата-энелер смартфон аркылуу баласынын мектептеги жетишкендиктери, анын катышуусу тууралуу көзөмөл жүргүзө алат", — деди Маматов.

Ошондой эле ал 2019-жылы "Акылдуу мектеп — келечектин мектеби" аттуу концепция иштелип чыгып, анын алкагында тандап алынган мектептердин инфраструктурасы жакшыртылып, компьютер, эмерек алынып, тийиштүү шарттар түзүлгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0