Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мазенов: экспортко чыга турган өсүмдүктөр зыянсыздандырылат

© Sputnik / Табылды КадырбековСпециалист обеззараживания в Министерстве сельского хозяйства Бакытбек Мазенов
Специалист обеззараживания в Министерстве сельского хозяйства Бакытбек Мазенов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин зыянсыздандыруу боюнча башкы адиси Бакытбек Мазенов өсүмдүктөрдү зыянсыздандыруу эл аралык уюмдардын, анын ичинде ЕАЭБдин дагы талабы экенин айтты.
Мазенов: экспортко чыга турган өсүмдүктөр зыянсыздандырылат

Өсүмдүктөрдү зыянсыздандыруу иши эгерде экспортко чыгаруу боюнча келишимде жазылса, жүктүн ээси арыз жазса жана кабыл алуучу тарап талап кылса ишке ашырылат. Бул тууралуу Бакытбек Мазенов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өсүмдүк лабораториядан таза чыкса, ошол бойдон башка мамлекеттерге жөнөтүлө берет.

"Айыл чарба министрлигинде уруксат берилген пестициддердин каталогу бар. Бирок бул каталог бүгүнкү күндө көзөмөлгө алынбайт. Натыйжада ар ким өзү каалаган дары-дармекти пайдаланып, ал тургай аны туура эмес колдонушууда. Ошондуктан экспортко чыгып жаткан жана сырттан ташып келинген мөмө-жемиштер, жер-жемиштер, көчөттөр жана уруктар текшерилип, коопсуздугу тастыкталышы зарыл. Мындан тышкары, жүктүн ээси продукциясынан күмөн санап же зыяндуулугун билип арыз жазса, анын баары лабораториядан текшерилип, зыянсыздандырылат", — деди Мазенов.

Ошондой эле ал тийиштүү талаптарга жооп бере алган юридикалык же жеке жактар зыянсыздандырууну ишке ашыруу үчүн лицензия ала турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0