Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Маматкулов: жеке ветеринарлардын реестрине 924 адис катталды

© Sputnik / Табылды КадырбековВетеринардык палатанын директору Кубатбек Маматкулов. Архив
Ветеринардык палатанын директору Кубатбек Маматкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ветеринардык палатанын директору Кубатбек Маматкулов аталган тармакта иш алып барууну жөнгө салган маалыматтык база түзүлгөнүн айтты.
Маматкулов: жеке ветеринарлардын реестрине 924 адис катталды

Жеке ветеринарлардын реестрине 924 адис катталды. Алардын 50 пайызы жогорку билимдүү. Бул тууралуу Кубатбек Маматкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган реестрге катталбагандар жеке ветеринардык ишкердүүлүк менен алектене алышпайт.

"Жеке ветеринардык ишкердикти жүргүзүү укугун алган адистердин маалыматтык базасы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ага 924 адис катталып, алардын 50 пайызы жогорку билимдүү. Калганы параветеринардык адистер. Аталган система бул тармакты эл аралык талаптарга туура келтирүү, өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу, жеке ветеринардык ишкердикти жөнгө салуунун натыйжалуу системасын түзүү үчүн киргизилүүдө", — деди Маматкулов.

Ошондой эле ал аталган реестр ветеринарлар тууралуу өздүк жана кесиптик маалыматтарды толук камтып, жаңылыктар мекеменин сайтында жеткиликтүү экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0