Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Умуралиева: 10 гектар жерге балдар үчүн парк курулуп жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Шаардын сейил бактары" муниципалдык ишканасынын директору Калича Умуралиева
Шаардын сейил бактары муниципалдык ишканасынын директору Калича Умуралиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Шаардын сейил бактары" муниципалдык ишканасынын директору Калича Умуралиева борборубуздагы сейил бактарда жаз-жайкы мезгилге даярдык толугу менен жүрүп жатканын айтты.
Умуралиева: 10 гектар жерге балдар үчүн парк курулуп жатат

Жеңиш паркынын маңдайында Азербайжан менен Кыргызстандын "Достук" сейил багы курулуп жатат. Ага Азербайжан каражат бөлгөн. Байтик баатыр жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги 10 гектар жерге "Балалык" сейил багы салынууда. Бул тууралуу Калича Умуралиева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кытайда 12-мартта улуттук бак отургузуу майрамы, Албаниянын Тирана шаарында октябрда көчөт отургузуу күнү белгиленип, жарандар өздөрүнүн каражатына алып отургузушат.

"Мэриянын алдында сейил бактарды жакшыртуу маселеси турат. Шаарыбызда учурда беш көл бар. Булардын баары иштебейт, өтө начар абалда. Бирок азыр Пионер көлүн сууга түшкүдөй кылып даярдап жатабыз. Ал эми Комсомол көлүнө түшкөнгө болбойт. Жаштар паркындагы көлдү да камыштардан арылтып, жайга даярдап жатабыз. Жеңиш паркынын маңдайында 5,5 гектар аймакка Азербайжан менен Кыргызстандын "Достук" сейил багы курулуп жатат. Ага Азербайжан каражат бөлгөн. Байтик баатыр жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги 10 гектар жерге "Балалык" сейил багы салынууда. Ал жерде аттракциондор да болот. Элдин жардамы менен парктарга бак отургузуудабыз. Сейил бактарда даараткана маселеси да абдан курч. Мэрия ижарага алып иштетип жаткан адамдардан дааратканаларды өзүнө кайтарып алып, аны кайра оңдоп-түзөп ишке берүүнү пландап жатат", — деди Умуралиева.

Ал ошондой эле эки көчмө ажаткана алынганын, алар эл аябай көп болгон сейил бактарга коюла турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0