Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сабырбекова: 2022-жылы жатын моюнчасынын рагына каршы эмдөө киргизилет

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Эргене" коомдук фондунун төрайымы Таалайгүл Сабырбекова. Архив
Эргене коомдук фондунун төрайымы Таалайгүл Сабырбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Эргене" коомдук фондунун төрайымы Таалайгүл Сабырбекова 2022-жылы жатын моюнчасынын рагына каршы эмдөө киргизилерин айтты.
Сабырбекова: 2022-жылы жатын моюнчасынын рагына каршы эмдөө киргизилет

4-февраль — бүткүл дүйнөлүк рак ооруларына каршы күрөшүү күнүнө карата дүйнө жүзү боюнча түрдүү иш-чаралар өтүүдө. Кыргызстанда ооруну эрте аныктоо, алдын алуу боюнча скрининг программалар иштебей жатат. Бул тууралуу Таалайгүл Сабырбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, батыш өлкөлөрүндө алдын алуу иштери жогору болгондуктан онкологиялык оорулардын көрсөткүчү төмөндөп жатат.

"Учурда ооруп калган адам каякка, кимге кайрылып, кандай текшерүүдөн өтөрүн билбей калууда. Ал үчүн өкмөт тарабынан программа иштелип чыгышы керек. Алсак, коңшу Казакстанда 10 жылдан бери рактын түрлөрүн алдын алуу, көзөмөлдөн өтүү боюнча программалар бар. Анда 39 жаштан 49 жашка чейинки аялдар үч жылда бир жолу жатын моюнчасынын рагы боюнча текшерүүдөн өтөт. Андан тышкары, эмчек рагын алдын алуу үчүн көзөмөлдөн өтүп туруу зарыл. Биздин коомдук фонддо заманбап, акыркы үлгүдөгү маммограф жабдуусу бар. Бул жабдууну Бишкек шаарындагыларга берип, скрининг борборду ачып, алдын алуу иштерин баштайлы деп турабыз. Рак оорусун контролдоо стратегиясы да иштелип чыкты. Дүйнө жүзүндөгү серепчилер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ракты эрте аныктоо программаларына канча каражат кетерин билдик. Алсак, жатын моюнчасынын рагын эрте аныктоо ишин баштоо үчүн 13-14 миллион сом керектелет экен. Эгерде программа кабыл алынып ага каражат табылса, иштер алдыга жыла баштайт. Чет мамлекеттерде жатын моюнчасынын рагы вирустан улам пайда болгондуктан ага эмдөө киргизилип, эффективдүүлүгүн көрсөттү. Мисалы, кыз кезинде аталган илдетке каршы эмдөө алса, ал келечекте ооруга чалдыкпайт. Бизде болсо мындай эмдөө 2022-жылы кирип калат деп турабыз", — деди Сабырбекова.

Ал өлкөбүздө адамдардын 70-80 пайызы оору өтүшүп, ракка айланып кеткенде кайрылышарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0