Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Молдокасымов: жаш окумуштуулар эски кытай тилин үйрөнөт

© Sputnik / Дильноза АлымоваПредседатель общественного фонда "Мурас" при аппарате президента КР Кыяс Молдокасымов
Председатель общественного фонда Мурас при аппарате президента КР Кыяс Молдокасымов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент аппаратына караштуу "Мурас" коомдук фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов кыргыз тарыхы тууралуу дагы жаңы маалыматтар чыгарын айтты.
Молдокасымов: жаш окумуштуулар эски кытай тилин үйрөнөт

Манжу-Цинь дооруна тиешелүү 2800 беттен турган архивдик маалыматтар бар. Бул тууралуу Кыяс Молдокасымов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, маалыматтар эски кытай тилинде болгондуктан кыргызчага которула элек.

"1640-1911-жылдардагы Манчжу-Цинь дооруна тиешелүү 2800 беттен турган жаңы маалыматтар табылган. Алар учурда кыргызча которула элек. Ошол доорго тиешелүү документтердин ичинен айрым маалыматтар тандалып, "Бурут эли жөнүндөгү тарых" деп аталган монография жазылып, Тайванда жарык көрүптүр. Ал кыргызчага которулса, жогоруда айтылган доордогу, тагыраагы,  XVII кылымдан кийинки кыргыздардын тарыхы тууралуу көп нерсе биле алабыз. Андан тышкары, өткөн жылы "Мурас" фонду менен Кытайдын тарых изилдөө институтунун ортосунда келишимге кол коюлган. Ага ылайык, алар Кыргызстандан барган жаш адистерге эски кытай тилин үйрөтүшөт. Бул дагы изилдөөлөрүбүздүн илгерилишине чоң салым кошот", — деди Молдокасымов.

Окумуштуу илимий изилдөөлөрдүн алкагында "Манас" эпосуна тиешелүү тарыхый маалыматтар чыгып калат деген божомолдор бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0