Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Купешов: Бишкекте ондогон өлкө катышкан тиричилик буюмдарынын көргөзмөсү өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековСоода-өнөр жай палатасынын Региондор менен иш алып баруу департаментинин жетекчиси Болот Купешов
Соода-өнөр жай палатасынын Региондор менен иш алып баруу департаментинин жетекчиси Болот Купешов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соода-өнөр жай палатасынын Региондор менен иш алып баруу департаментинин жетекчиси Болот Купешов көргөзмөлөр өндүрүшчүлөр менен кардарлардын ортосунда баарлашуу аянтчасы болорун айтты.
Купешов: Бишкекте ондогон өлкө катышкан тиричилик буюмдарынын көргөзмөсү өтөт

Борбор калаада 20-22-мартта Expo Kyrgyzstan-Eurasia-2020 көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Болот Купешов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында эмерек көргөзмөсү жана тиричилик буюмдарынын жарманкеси болот.

"Соода-өнөр жай палатасы жылына план боюнча эки ири көргөзмө уюштурат. Анда өндүрүшчүлөр, ишкерлер өздөрүнүн продукциясы тууралуу маалымат берип, пикир алышып, келишимдерди түзөт. Мындан тышкары, көргөзмө-жарманкелер квартал сайын өтүп турат. Биздин палата ишкерлердин көмөгү менен эл аралык көргөзмөлөргө катышып, жетиштүү тажрыйба топтоп калдык. Быйыл Expo Kyrgyzstan-Eurasia-2020 көргөзмөсүн уюштуралы деп турабыз. Ага Индия, Түркия, Кытай, Иран сыяктуу ондогон өлкөлөрдөн ири компаниялар катышат. Бул иш-чара экспорт-импорттун көтөрүлүүсүнө дагы көмөк болот деген ишенимдебиз", — деди Купешов.

Ошондой эле чет элдиктерди кыргыз айыл чарба продукциясы жана кол өнөрчүлүк буюмдары кызыктырарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0