Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мукамбетов: учурунда пенсияга чыгуу жаш курагы теңдештирилбей калган

© Sputnik / Асель СыдыковаНачальник Управления по внешним связям Соцфонда КР Женишбек Мукамбетов
Начальник Управления по внешним связям Соцфонда КР Женишбек Мукамбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык фонддун маалымат кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов пенсияга эрте чыгуу жобосун алып салуу үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ар кандай сунуштар түшкөнүн айтты.
Мукамбетов: учурунда пенсияга чыгуу жаш курагы теңдештирилбей калган

Учурунда пенсияга чыгуу үчүн жаш курак аялдардыкы 58, эркектердики 63кө көтөрүлгөн. Ошол эле маалда иш тажрыйбасы көптөр жана бийик тоолуу аймакта жашагандар бул эрежеден бошотулуп калган. Бул тууралуу Жеңишбек Мукамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө социалдык камсыздандыруу түшүнүгү 1996-жылы ошол мезгилдин талабына жараша киргизилген.

"Пенсияга эрте чыгуу жобосун алып салуу үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча комиссия 2019-жылдан бери иш алып барууда. Анын алкагында аймактарды кыдырып, эл менен жолугушуулар, пикир алмашуулар өткөрүлгөн. Негизинен орто жана чакан бизнесте жүргөндөрдүн тарифитик чендерин азайтып, пенсияга чыгуунун жаш курагын карап чыгуу максатталган. 2008-жылы мыйзамга өзгөртүүлөр кирип, пенсияга чыгуу жаш курагы эркектердики 63, аялдардыкы 58ге көтөрүлгөн. Ошол эле учурда көп жыл иштегендер тажрыйбасына жараша жаш курагы мурдагы бойдон калып кеткен. Мисалы, бул талапка ылайык аялдар 55, эркектер 60 жаш курагында пенсияга чыгышат. Мындан тышкары, бийик тоолуу аймакта жашаган жарандарыбыздын жаш курагы көтөрүлгөн эмес. Учурда аталган аймакта жашаган эркектер 55 жаштан, аялдар 50 жаштан, эгерде беш же андан көп балалуу болсо 45 жаштан пенсияга чыга алышат. Бул ошол мезгилдин талабына ыңгайлаштырылып калган", — деди Мукамбетов.

Ал ошондой эле пенсияга эрте чыгуу жобосун алып салуу үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча алгачкы сунуш болуп, дагы кошумча-алымчалар болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0