Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акышев: КР авиациясы быйыл кара тизмеден чыгышы мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековТранспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев. Архив
Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев үч жылда Кыргызстанды Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) кара тизмесинен чыгаруу үчүн бир топ иштер аткарылганын айтты.
Акышев: КР авиациясы быйыл кара тизмеден чыгышы мүмкүн

Кыргыз өкмөтү, Эл аралык жарандык авиация уюму жана бул багыттагы бир катар эл аралык бирикмелердин ортосунда үч тараптуу келишим түзүлүп, атайын план бекитилген. Бүгүнкү күндө ал 96-98 пайызга ишке ашты. Эми тийиштүү талаптар аткарылып, текшерүүлөр жыйынтыкталса, быйыл Кыргызстандын авиациясы кара тизмеден чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу Курманбек Акышев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жүргүнчүлөрдү ташыган жергиликтүү авиакомпаниялар да эл аралык талаптарга жооп берүү максатында учактардын паркын кеңейтүүгө аракет кылып жатышат. 2019-жылы үч учак сатып алынган. Алар үстүбүздөгү жылдын май айына чейин Кыргызстанга келет.

"Өткөн жылы Кыргызстандын Жарандык авиация агенттиги Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) аудиттик текшерүүсүнөн ийгиликтүү өттү. Ошондой эле Еврокомиссиянын эксперттери да декабрь айында келип, тийиштүү анализдерин жүргүзүшкөн. Айрым кемчиликтер аныкталып, аларды жоюу багытында бир топ иштер аткарылыды. Буга чейин кыргыз өкмөтү, Эл аралык жарандык авиация уюму жана бир катар эл аралык бирикмелердин ортосунда үч тараптуу келишим түзүлүп, атайын план бекитилген. Бүгүнкү күндө анын 96-98 пайызы аткарылып бүттү. Мындан улам кара тизмеден чыгуу үчүн Еврокомиссияга кайрылуу жолдогонбуз. Учурда жообун күтүп жатабыз. Болжол менен эки айдын аралыгында аталган комиссиянын өкүлдөрүн тосуп алып, акыркы этаптагы текшерүүлөр өткөрүлөт же биз Брюсселге барып атайын жыйынга катышабыз. Ошонун жыйынтыгы менен анан акыркы чечим кабыл алынат. Быйылкы жылы Кыргызстандын кара тизмеден чыгууга толугу менен мүмнкүнчүлүгү бар. Ал үчүн бардык иштер аткарылды", — деди Акышев.

Аткаминер учурда Кыргызстандын Air Manas авиакомпаниясынын Европанын авиациялык коопсуздук агенттигинин (EASA) сертификаты бар экенин жана учурда аны Avia Traffic Company авиакомпаниясы алууга далалат кылып жатканын, бул аракеттер дагы өлкөнү кара тизмеден чыгарууга өбөлгө болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0