Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Үсөнов: кен тармагында өткөн жылы жалпы 2435 лицензия берилген

© Sputnik / Табылды КадырбековӨнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Жер казынасын лицензиялоо башкармалыгынын башчысы Кубатбек Үсөнов
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Жер казынасын лицензиялоо башкармалыгынын башчысы Кубатбек Үсөнов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Жер казынасын лицензиялоо башкармалыгынын башчысы Кубатбек Үсөнов кен иштетүү багытында лицензия комиссиянын кароосу жана аукцион аркылуу берилерин айтты.
Үсөнов: кен тармагында өткөн жылы жалпы 2435 лицензия берилген

2019-жылдын декабрь айына карата кен тармагында жалпысынан 2435, алардын ичинен алтын иштетүүгө 469 лицензия берилген. Бул тууралуу Кубатбек Үсөнов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чет элдиктер көбүнчө баалуу металл, алтын казып алууга кызыгышат. Акыркы убактарда көмүр, нефть-газ иштетүүгө далалат кылган инвесторлор да бар.

"2019-жылы алтын издөөгө — 138, чалгындоо иштерине — 224, иштетүүгө 104 болуп, жалпысынан алтынды иштетүүгө 469 лицензия берилген. Мындан тышкары, темирге — 99, көмүргө —345, акиташ, мрамор сыяктуу рудалык эмес кен байлыктарга  1033 жана жер астындагы сууларга 430 уруксат кагазы алынган", — деди Үсөнов.

Ошондой эле ал берилген лицензиялардын 50 пайызга чукулун чет элдиктер алгандыгын, бирок алардын көпчүлүгүндө кыргыз жарандарынын үлүшү бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0