Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Досалиева: аял күйөөсүнөн 2-3 ирет токмок жеген соң ойлонушу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель "Центра защиты женщин" Бакен Досалиева
Руководитель Центра защиты женщин Бакен Досалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялдарды колдоо борбору коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Бакен Досалиева ажырашкандан уялып чыдап жүрө берип, аягы өлүм менен бүткөн учурлар кездешип жатканын айтты.
Досалиева: аял күйөөсүнөн 2-3 ирет токмок жеген соң ойлонушу керек

Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча Кыргызстан Орто Азияда биринчи орунда турат. Бул абдан уят көрүнүш. Мындай пикирин Бакен Досалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасынын эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жылына өлкөдө үй-бүлөлүк кордук көргөн аялдардан 7-8 миң арыз ИИМге, 16-17 миң кайрылуу кризистик борборлорго жана 4 миңге чукул арыз аксакалдар сотуна келип түшөт.

"Үй-бүлөдө аялдын жабыр тартышынын себептери көп. Биринчиден, эркектер ар кандай турмуштук кыйынчылыктарга психологиялык жактан туруксуз келишет, көтөрө алышпайт. Жумушсуздук, каражаттын тартыштыгы буга башкы себеп. Ошондой эле аялдардын тиешелүү органдарга кайрылбай, чыдап жүрө бергени да абалды курчутуп жиберүүдө. Негизи 2-3 жолу күйөөсү кол көтөргөн аял мындан ары кандай жашоо болот деп ойлонушу керек. Тилекке каршы, ажырашкандан уялып чыдап жүрө берип, аягы өлүм менен бүткөн учурлар кездешүүдө. Бул көйгөй учурда абдан курч турат. Орто Азия мамлекеттеринде Кыргызстан алдыга чыкты", — деди Досалиева.

Ал ошондой эле көйгөйдү чечүүгө республикалык деңгээлде киришип, Жогорку Кеңеш олуттуу мамиле жасашы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0