Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чомокова: форумдун максаты — кыргыз туризминдеги тейлөөнүн сапатын жогорулатуу

© Sputnik / Табылды КадырбековHoReCa Club ассоциациясынын долбоорлор боюнча менеджери Мира Чомокова
HoReCa Club ассоциациясынын долбоорлор боюнча менеджери Мира Чомокова  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
HoReCa Club ассоциациясынын долбоорлор боюнча менеджери Мира Чомокова меймандостук индустриясына арналган алгачкы форумга чет элдик күчтүү спикерлер келерин айтты.
Чомокова: форумдун максаты — кыргыз туризминдеги тейлөөнүн сапатын жогорулатуу

Иш-чарага келе тургандар бул индустрияда көптөн бери эмгектенип жүргөн тажрыйбалуу адистер. Алсак, ресторан багыты боюнча Наталья Кулакова, мейманкана боюнча Александр Уайт келип билимдери менен бөлүшөт. Бул тууралуу Мира Чомокова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, форумга Улуу Британия, Россия, Түштүк Корея өлкөлөрүнөн адистердин келиши күтүлүүдө.

"Кыргызстандагы мейманкана, ресторан, кафелердеги шартты, тейлөөнү жакшыртуу багытында иш алып барабыз. Меймандостук — туризм индустриясынын бир сектору. Анын негизги багыттары коомдук тамактануу, конокторду жайгаштыруу, аларды тейлөө болуп эсептелет. Бул тармакта иштеген кызматкерлер үчүн трениг, мастер-класстарды уюштуруп турабыз. Өткөн жылдын декабрь айында жыл сайын өтүүчү «Хореканын тандоосу» иш-чарасын өткөргөнбүз. Анда мейманкана, ресторан, кафелер арасында мыктылар аныкталган. Ошондон кийин бул багытта өсүп-өнүгүү керек экенин түшүнүп, чоң форум өткөрүүнү чечтик. Анда чет элдик спикерлер келип тажрыйбалары менен бөлүшөт. Форумда үч аянтча каралган. Алсак, "Көргөзмөдө" бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр презентацияланып, жаңы буюмдар элдин назарына коюлат. "Бизнес академия" аянтчасында  чет элдик жана алдыңкы бизнес тренерлер сүйлөйт, "Жашыл экономиканы өнүктүрүүдө" эксперттердин интерактивдик сессиясы өтөт. Анда таштандыны иштетүү, электр энергиясын үнөмдөө боюнча айтылат", — деди Чомокова.

Ал алдыда администратор, бармендер арасында да конкурс өткөрүүнү пландап жатышканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0