Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Карабаев: кыргыздардын алыш күрөшүнө дүйнө жүзү боюнча кызыгуу күч

© Sputnik / Табылды КадырбековАлыш күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Мирбек Карабаев
Алыш күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Мирбек Карабаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алыш күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Мирбек Карабаев аталган күрөш кыргыздардын улуттук оюндарынын арасынан дүйнөгө кеңири жайылган түрү экенин айтты.
Карабаев: кыргыздардын алыш күрөшүнө дүйнө жүзү боюнча кызыгуу күч

Кыргыздардын алыш күрөшүнө кызыккандар дүйнө жүзү боюнча күн санап өсүүдө. Бүгүнкү күндө 50дөн ашык мамлекетте федерациялар түзүлдү. Бул тууралуу Мирбек Карабаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айрым өлкөлөрдө алыш күрөшү мектеп программаларына кирип, учурда сабак катары окутулуп жатат.

"Кыргыздарга таандык алыш күрөшүнүн федерациясы түзүлүп, улуттук спорт түрлөрүнүн бири катары өнүгүп баштаганына быйыл туура 17 жыл болду. Бул убакыт аралыгында аталган күрөшкө дүйнө жүзү боюнча кызыгуу артып, учурда 50дөн ашуун мамлекетте алыш күрөшүнүн федерациясы бар. Мындан улам бул күрөштү кыргыздардын улуттук оюндарынын арасынан дүйнөгө кеңири жайылган алгачкы түрү деп айтууга болот. Буга чейин кыргыз балбандары аталган спорттун түрүнөн дүйнөлүк деңгээлде мыкты деп табылып келсе, азыркы тапта атаандаштык абдан курчуду. 2019-жылга чейин бир нече жыл командалык эсепте биринчиликти ала албай келдик. Бирок былтыр ийгилик жылмайып, дүйнө чемпионатында Кыргызстандын командасы чемпион деп табылды. Ошондой эле олимпиадалык эмес спорт түрлөрүнүн арасынан алыш күрөшүнө мамлекеттин да, демөөрчүлөрдүн да колдоосу жакшырды. Учурда улуттук курама команданын бардык чыгымдарын Улуттук оюндар боюнча дирекция жана федерация камсыздайт", — деди Карабаев.

Машыктыруучу дүйнөлүк биринчиликте чемпион болгон спортчуларга ай сайын 25 миң сом стипендия ыйгарыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0