Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кулжанова: пенсияга эрте чыгуу мыйзамына өзгөртүүлөр качан кирери белгисиз

© Sputnik / Табылды КадырбековКР Социалдык фондунун Пенсиялык жана тарифтик саясат бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Кулжанова
КР Социалдык фондунун Пенсиялык жана тарифтик саясат бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Кулжанова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР Социалдык фондунун Пенсиялык жана тарифтик саясат бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Кулжанова пенсияга мөөнөтүнөн эрте чыгууну алып салуу демилгеси качан ишке ашары белгисиз экендигин айтты.
Кулжанова: пенсияга эрте чыгуу мыйзамына өзгөртүүлөр качан кирери белгисиз

Тоолуу аймакта жашагандар, иш стажына байланыштуу жана айрым кызмат ээлери мыйзамдарга ылайык, пенсияга эрте чыгышат. Мына ушул топтогу адамдардын пенсия алуу курагын узартуу демилгеси көтөрүлгөн. Бирок учурда сунуш гана болууда. Бул тууралуу Жылдыз Кулжанова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул демилгени иштеп чыгуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары, тиешелүү орган кызматкерлери жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн.

"Кыргызстанда учурда аялдар 20 жылдык стажы болуп, жашы 58ге жеткенде, эркектер 25 жылдык иш стажы менен 63 жашында пенсияга чыгышат. Эгерде аялдар 30-35 жыл, эркектер 35-40 жылдык эмгек стажы болсо көрсөтүлгөн курактан үч жыл эрте пенсияга чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле бийик тоолуу шарттарда жашаган адамдар сегиз жыл мурда пенсияга чыгууга укуктуу. Эгер беш же андан көп баласы бар эне тоолуу аймактын тургуну болсо, 45 жашынан тарта пенсия ала баштайт. Мындан сырткары, аскер кызматкерлери, соттор жана башка тармактын өкүлдөрү эрте пенсияга чыгууга укуктуу. Мына ушул эрте пенсияга  чыккан жарандардын пенсиялык курагын аялдарга 58, эркектерге 63кө теңдеп коюу сунушу депутаттар тарабынан көтөрүлүп, атайын жумушчу топ түзүлгөн. Бирок азырынча мыйзамдарга өзгөрүүлөр кирет же так бир топтогу адамдардын пенсия алуусунда айырмачылыктар пайда болот деп айтууга эрте. Мыйзам долбоору али жазыла элек, учурда жөн гана эл менен жолугуп алардын пикирин билүү, талкуулоо иштери жүрүп жатат", — деди Кулжанова.

Ал ошондой эле бүгүнкү күндө өлкөдө 670 миң пенсионер болсо, алардын ичинен мөөнөтүнөн эрте чыккандардын саны жылына 12-14 миң адамга жетерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0