Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мусаев: өкмөт аңчылыкка мораторий киргизүүгө каршы эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор Департамента сохранения биоразнообразия и особо охраняемых природных территорий при ГООСЛХ КР Алмаз Мусаев
Директор Департамента сохранения биоразнообразия и особо охраняемых природных территорий при ГООСЛХ КР Алмаз Мусаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо департаментинин директору Алмаз Мусаев өкмөт аңчылык кылууга мораторий киргизүүнү колдой турганын айтты.
Мусаев: өкмөт аңчылыкка мораторий киргизүүгө каршы эмес

Өкмөттүн 2017-жылы чыккан токтомуна ылайык, үч жыл сайын үчтөн облуста туяктуу жаныбарларга аңчылык кылууга мораторий киргизилет. Учурда Чүйдүн жарымы, Талас жана Жалал-Абад облусуна 2020-жылдын 1-июлуна чейин мораторий киргизилген. Андан кийинки үч жылдыкта Чүй болусунун калган бөлүгү жана Ош, Баткен, 2023-2026-жылдар аралыгында Нарын жана Ысык-Көл облустарында мергенчиликке тыюу салынат. Бул тууралуу Алмаз Мусаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, киргизилген мораторийлердин жыйынтыктарына жараша аңчылык кылууга тыюу салуу боюнча чечим кабыл алынат.

"Өкмөт жаратылыш ресурстарынын сакталышына кызыкдар. Ошондуктан аны аңчылыка мораторий киргизүүгө каршы чыгууда деген туура эмес. Мисалга өкмөт айрым жаныбарларды Кызыл китепке киргизип, коргоого алууда. Мындан тышкары, 2017-жылдагы токтомго ылайык, үч жылдан үчтөн облуска кезеги менен туяктуу жаныбарларга аңчылык кылууга мораторий киргизилет. Мунун алкагында учурда үч облустун аймагында аңчылыкка тыюу салынган. Мыйзам республиканын бардык облустарында иштеп бүткөн соң натыйжасына жараша өлкө боюнча мораторий боюнча чечим кабыл алынат. Ошондой эле Кыргызстанда 14 миллион  аңчылык жери болсо, ошонун 7 миллиону коомдук жана жеке менчик чарбалардын карамагында. Калганы мамлекетке караштуу жана ал жерлерге аңчылык кылууга бир дагы уруксат кагазы берилген жок. Бул Кыргызстандын аймагынын 50 пайызына туяктуу жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салынган дегендик", — деди Мусаев.

Аткаминер аңчылык кылууга тыюу салуу боюнча мораторий киргизүүдө каражат жетишсиздиги көйгөй жаратып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0