Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кайыпов: өткөн жылы 171 бала зордук-зомбулукка кабылган

© Sputnik / Асель СыдыковаГлавный специалист отдела Министерства социального развития Шабдан Кайыпов
Главный специалист отдела Министерства социального развития Шабдан Кайыпов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлөгө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Шабдан Кайыпов аймактарда психолог педагогдорунун жетишсиздиги көйгөй жаратып жатканын айтты.
Кайыпов: өткөн жылы 171 бала зордук-зомбулукка кабылган

2019-жылы 171 бала зордук-зомбулукка кабылгандыгын Шабдан Кайыпов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, булардын баары менен жекече иштөө планы түзүлүп, ар бирине көмөк көрсөтүлгөн.

"Зордук-зомбулуктун түрлөрүнө кыскача түшүндүрмө бере кетейин. Зомбулуктун эң көп кезиккен түрү, биринчиси — уруп-сабоо, кол көтөрүү.  Экинчиси, сексуалдык зордук-зомбулук боюнча акыркы убактарда интернет булактарынан күбө болуп жатабыз. Абдан жаман, моралдык жактан пас нерсе. Мындай кордукка кабылгандар психикалык жактан дагы жабыр тартышат. Соңкусу, психикалык зордук-зомбулук – баланын психологиясына доо кетирүү. Эгерде ата-эне баланын көзүнчө урушуп, бири-бирине кол көтөрсө, бала психологиялык жактан жабыр тартат. Натыйжада ага атайын адистердин жардамы керек болот. Былтыр өлкө аймагында 107 бала уруп-сабоого кабылса, 44ү сексуалдык зомбулук, ал эми 20сы психикалык жактан кордукка учураган", — деди Кайыпов.

Ал ошондой эле балдардын зордук-зомбулукка кабылганынын дагы бир себеби катары миграциянын өсүшүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0