Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сыдыкназарова: эми бүтүрүүчүлөр келечектеги кесибине жараша сабак тандашат

© Sputnik / Табылды КадырбековВедущий специалист Минобразования КР Кылым Сыдыкназарова
Ведущий специалист Минобразования КР Кылым Сыдыкназарова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Кылым Сыдыкназарова орто мектептердин бүтүрүүчү класстарынын окутуу системасына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр окуучулардын кесипти туура тандоосуна өбөлгө болорун айтты.
Сыдыкназарова: эми бүтүрүүчүлөр келечектеги кесибине жараша сабак тандашат

Бүтүрүүчү класстарынын окутуу системасына өзгөртүүлөр киргизилип, долбоор сынамык иретинде иштеп жатат. Ага ылайык, окуучулар келечектеги кесибине жараша жети тармакта сабактарды тандап алат. Бул тууралуу Кылым Сыдыкназарова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, окуучулар кайсы тармакты тандаганына жараша айрым сабактар милдеттүү түрдө өтүлөт. Бул республика боюнча 24 мектеп-гимназияда сынамык долбоор болуп кирген.

"КРдин билим берүү стандарттары бар. Ага ылайык билим берилип, ал ар бир мектепте аткарылышы шарт. Ансыз окуучу орто билимге ээ болгону тууралуу документти албай калат. Ошондуктан билим берүү стандарты толугу менен аткарылышы зарыл. Ал эми киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча бүтүрүүчү класстардын окуучулары келечектеги кесибине жараша кайсы бир тармакты тандап, аны кошумча тереңдетип изилдей алат. Мисалы, окуучу гуманитардык багытты тандаса, кыргыз, орус, чет тил жана тарыхты окуйт. Табигый илим болсо химия, физика, математика сабактары, технологиядан информатика кошумча кирет. Жалпысынан гуманитардык, социалдык, табигый илим, так илим, технология, искусство, ден соолук маданияты болуп жети тармактагы предметтерди тандаса болот", — деди Сыдыкназарова.

Адис киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, кесип тандоо боюнча теориялык жана практикалык түрдө кеңири маалымат берилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0