Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Болотбеков: хоккей дарбазачысынын формасына эле төрт миң доллардай кетет

© Sputnik / Табылды КадырбековХоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков. Архив
Хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков спортчулар экипировканын кымбат экенине карабай өздөрү сатып аларын айтты.
Болотбеков: хоккей дарбазачысынын формасына эле төрт миң доллардай кетет

Хоккей — спорттун кымбат түрү. Бир спортчунун жабдыктарынын орточо баасы 1,5 миң долларга жетет. Ал эми дарбазачынын формасына төрт миң долларга чукул каражат сарпталат. Бул тууралуу Элзар Болотбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жабдууларды негизинен спортчулар өздөрү сатып алышат жана аны 7-8 жыл колдонушат.

"Кыргызстанда хоккей спорту Советтер Союзу тарагандан кийин Нарында жанданган. 2011-жылдары бул спорттун келечегин көрүп федерация ачылган. Андан кийин Азия оюндарына катышып күчүбүздү сынадык. Акыркы үч жылда хоккей акырындан системалуу түрдө өнүгүп баштады. Аны массага жайылтуу, андан кийин профессионалдык жактан өстүрүүгө багыт алдык. Хоккей —спорттун кымбат түрлөрүнүн бири. Орто эсеп менен коньки 100 миң сом, оюнчунун формасы 50-60 миң сомго барат. Оюнчуну болжол  менен 1,5 миң долларга, дарбазачыны төрт миң долларга кийинтүүгө болот. Мунун баарын спортчулар өздөрү сатып алышат. Учурда федерация клюшка, шлем сыяктуу көп сынган жабдыктар менен камсыз кылганга аракет кылып жатат", — деди Болотбеков.

Ал ошондой эле Кыргызстан хоккей спорту боюнча кыска убакытта натыйжа көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0