Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ысабеков: 2023-жылы киреше алган бардык жарандар декларация тапшырат

© Sputnik / Асель СыдыковаЭкономика министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков
Экономика министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков бирдиктүү салык декларациясын киргизүү 2021-жылдан баштап 2025-жылга чейин баскычтарга бөлүнүп ишке ашырыла турганын айтты.
Ысабеков: 2023-жылы киреше алган бардык жарандар декларация тапшырат

Бирдиктүү салык декларациясы 2021-жылы күчүнө кирет. Биринчи баскычында мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер тапшырса, экинчи баскычында, 2023-жылы, бардык киреше алган жарандар декларация толтурат. Бул тууралуу Кубанычбек Ысабеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул убакытка чейин тиешелүү мамлекеттик органдардын баары керектүү техника менен камсыздалып, коомчулук дагы даяр болот.

"Мыйзам күчүнө кирсе 4 миллионго чукул жаран бирдиктүү салык декларациясын тапшырат. Мунун баарын бир учурда эмес, баскыч-баскычы менен тапшырса, биринчиден Салык кызматы толук даяр болот. Экинчиден жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, декларацияны кантип толтуруу керектиги үйрөтүлөт. Ошондой эле мыйзамды кабыл алып жатканда эл өкүлдөрү документ иштерин жеңилдетүүнү сунуштады. Учурда бул багытта да иштер жүрүүдө. Анткени декларация тапшыргандан кийин туура эмес толтургандарга айып салынып, жарандардын нааразычылыгын жаратпашы керек. Бирдиктүү салык декларациясын киргизүү боюнча негизги күч келе турган иштер 2023-жылга туура келет. Бул баскычта кирешеси бар бардык жарандар декларация толтурат. Ал эми үчүнчү этапта, 2025-жылдан тартып, пенсионерлер, стунденттер милдеттендирилет", — деди Ысабеков.

Сдача ЕНД в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Эми Кыргызстандын бардык жараны мал-мүлкү тууралуу отчет берет. Жаңы мыйзам
Ошондой эле ал Мамлекеттик салык кызматына Социалдык фонддун жана Бажы кызматынын айрым функцияларынын жүктөлгөндүгүн мыйзамдын мөөнөтүнүн артка жылдырылышынын башкы себептеринин бири катары келтирди.

Эске салсак, Экономика министрлиги Жогорку Кеңешке "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Ага ылайык, мурда мыйзамда көрсөтүлгөндөй, жалпы кыргызстандыктар 2020-жылдан баштап бирдиктүү салык декларациясына өтүүсү керек болчу. Эми бул аракеттер 2021-жылдан тарта 2025-жыл аралыгында үч этапка бөлүнүп ишке ашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0