Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Султангазиев: фармацевтикалык ишкерлик легалдуу бизнестин ичинен экинчи орунда

© Sputnik / Асель СыдыковаМедициналык серепчи Айбар Султангазиев
Медициналык серепчи Айбар Султангазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медициналык серепчи Айбар Султангазиев Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан таасири жок делген дарыларды айрым медиктер пайдалана турганын айтты.
Султангазиев: фармацевтикалык ишкерлик легалдуу бизнестин ичинен экинчи орунда

Фармбизнес легалдуу бизнестин ичинен компьютердик технологиялардан кийин экинчи орунда турат. Бул тууралуу Айбар Султангазиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул тармакта чоң каражат жүгүртүлүп жаткандыктан ар кандай жолдор колдонулат.

"Жардамы, пайдасы жок нейтралдуу дарылар биздин тизмелерге кирип, айрым медиктер аны бейтаптарга жаза беришет. Белгилей кетүүчү жагдай, алар ошол дарыларды жардам берет деп ишенет. Бирок ал кандай таасир бере турганы тууралуу изилдөөлөр жок. Мындан тышкары, фармбизнес легалдуу бизнестин ичинен компьютердик технологиялардан кийин экинчи орунда турат. Чоң акча жүгүртүлүп жаткандыктан ар кандай жолдор колдонулат. Элди ишендирип, маркетингдин күчү менен өткөрөт, Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу жанагы тизмелерге киргизилет. Мурдагы жылы жашоого өтө маанилүү делген дары каражаттарынын жаңы тизмеси түзүлдү. Болбой эле айрым суроо жараткан препараттар киргизилди. Анткени өкмөт тараптан абдан күчтүү лобби болот. Себеби дары ташыган фирмалар алып келип алгандан кийин сатышы керек. Жыйынтыгында алар мамлекеттик ооруканаларда сатылат", — деди Султангазиев.

Серепчи буга чейин жашоого өтө маанилүү дары каражаттарынын тизмесинен 200гө чукул препарат алып салынганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0