Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамбеталиева: коронавирустун 6 түрү адамга зыян

© Sputnik / Асель СыдыковаОорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгери Чынара Мамбеталиева
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгери Чынара Мамбеталиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгери Чынара Мамбеталиева коронавирус кадимки эле вирустардын катарына кирип, анын 30дан ашуун түрү бар экендигин айтты.
Мамбеталиева: коронавирустун 6 түрү адамга зыян

Кытайдын Саламаттык сактоо кабинети 7-январда коронавирустун жаңы тиби пайда болгонун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна билдирди. Бул тууралуу Чынара Мамбеталиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, коронавирус бардык вирус сыяктуу эле сырткы чөйрөдө туруктуу эмес.

"Коронавирустун 30дан ашуун түрү бар. Аны менен мышыктар, жапайы айбанаттар, балыктар ооруп, деңиз азыктарынан дагы кездешүүсү мүмкүн. Ошол 30 түрдүн алтоосу адамдын ден соолугуна зыян келтирет. Булардын төрт түрү бардык эле респиратордук вирустуу инфекциялар сыяктуу өрчүп-өнүгүп 5-7 күндүн ичинде айыгат. Ал эми «оор респиратордук синдром» жана «Жакынкы Чыгыш респиратордук синдром» делгендери бир аз татаалыраак өтүшү мүмкүн. Бирок бул оорудан адам айыгып кетет. Ал эми Кытайда күч алып жаткан дарт коронавирустун жаңы тиби. Бул боюнча Кытайдын Саламаттык сактоо кабинети 7-январда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна билдирди. 2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарында белгисиз вирус менен шартталган симптомдор пайда болгону айтылган. Алгач аталган шаардын балыктар, деңиз азыктары сатылган дүң соода базарындагы сатуучулар, сатып алуучулар ооруй баштаган. Бул вирустан дем алуу органдарынын жогорку бөлүгү жабыркап, дене табы көтөрүлүп, жөтөл пайда болуп, рентгенге тартканда өпкөдө тактар көрүнөт. Коронавирус бардык вирустар сыяктуу эле сырткы чөйрөдө туруктуу эмес. Оорунун алдын алууда бейтаптан алысыраак болуп, бет кап кийип, колду самындап жууп, мал-жандыгы бар фермалардан жана балык базарлардан оолак болуу шарт. Анан Кытайга барып келгендерде оорунун симптомдору пайда болсо дарыгерге Кытайдан келгенин билдирип, текшерилип коюшу зарыл", — деди Мамбеталиева.

Дарыгер коронавирус алгачкы жолу 1965-жылы аныкталып, лабораториядан тастыкталганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0