21:10 21 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.5323
  • RUB1.0863

Исмаилова: дени сак болсо кош бойлуу аял гинекологго 5 эле жолу барат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
43410

Акушер-гинеколог Миргүл Исмаилова кош бойлуу аялга учакка отурганга, узак жол жүрүүгө, жер төлөдө иштөөгө болбой турганын айтып берди. Ал демейдегиден көбүрөөк таза абада жүрүшү шарт.

Төрөт — физиологиялык оор процесс. Кош бойлуулук 280 күнгө созулат. Башкача айтканда, акушердик календардык 10 айды түзөт. Бул аралыкта аял алгач катталууга барат, андан кийин 18-жумасында, 32, 36 жана 40-жумасында дарыгерге барышы зарыл. Бул тууралуу Миргүл Исмаилова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, биринчи төрөт толгоо башталып көз жарганга чейин орточо эсеп менен 20 саатка, ал эми кийинкилери 10-15 саатка созулат.

"Кош бойлуу аял дароо ооруканага барып катталуусу зарыл. Дарыгерлер анын ден соолугун текшерип, ага жараша витаминдерди жазып берет. Кан тапшырып, гемоглобини текшерилет. Фолий кислотасы баланын нерв түтүкчөсүнүн аномалиясын алдын алат. Биринчи үч айлыкта йод дагы кабыл алышы керек. Себеби биздин тамак-аштарда йод жетишсиз. Андан тышкары, аял психологиялык жактан да көз жарууга даярданышы абзел. Бул учурда боюнда бар аялга учакка отурганга, узак жол жүрүүгө, жер төлөдө иштөөгө болбойт. Ал демейдегиден көбүрөөк таза абада жүрүшү шарт. Көп кыймылдаса төрөгөнгө да жеңил болот. Кээде суу кетип толгоо келбеген учурлар болот. Бул абдан кооптуу жагдай. Мындан улам баланын киндиги түшүп калышы ыктымал. Айы-күнү жеткен болсо дарыгердин көзөмөлүндө болуп, аман-эсен өздөрү көз жарат. Айрымдарынын мөөнөтү келе элек болсо ооруканага жаткырып, аялды толук көзөмөлгө алып, өз убагына чейин жеткирип төрөтөбүз. Ал эми абалы начарласа, толгоо чакырып эрте төрөткөнгө туура келет", — деди Исмаилова.

Акушер-гинеколог төрөткө аз калганда аялдын ичи ылдыйлап, бели, ичи ооруп, коюу суюктук бөлүнүп чыга баштаганы кадыресе көрүнүш экенин кошумчалады.

Тема боюнча

Аскеров: дүйнөлүк стандарттарга жетүү үчүн аракет көрүп жатабыз
Жаш өтүп калганда көйгөйсүз бойго бүтүрүү үчүн кеңеш
Белгилер:
ден соолук, төрөт, гинеколог, акушер

ЭҢ МААНИЛҮҮ