Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ибраев: жарандык курулушка да этап менен курууга уруксат берилиши керек

© Sputnik / Эркин СадыковКурулуш боюнча көз карандысыз адис Бакыт Ибраев
Курулуш боюнча көз карандысыз адис Бакыт Ибраев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курулуш боюнча көз карандысыз адис Бакыт Ибраев этап менен долбоорлоо жана курууга уруксат берген мыйзам куруучулар үчүн абадай керек болуп жатканын айтты.
Ибраев: жарандык курулушка да этап менен курууга уруксат берилиши керек

Параллелдүү жана этап менен долбоорлоо окшош эле. Бул учурда долбоорлоо жана куруу иштери бирдей аткарылат. Мындай куруунун кемчилиги катары сапаты начар болуп калышы мүмкүн деп айтып келишет. Бирок бул далилдене элек. Ал эми артыкчылыгы убакытты жана каражатты үнөмдөйт. Бул тууралуу Бакыт Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылы өкмөт жарандык курулуштарда этап менен долбоорлоо жана куруунун аткарылышын жөнгө салуучу убактылуу документти кабыл алган, бирок ал азыр күчүн жоготту.

"Учурда этап-этабы менен долбоорлоо жана куруу мүмкүнчүлүгү стратегиялык объектилерге берилген. Алсак, чоң гидроэлектр станцияларында долбоорлоо жана куруу этап менен жүргүзүлөт. Долбоор өкмөткө сунушталып жатканда шаар ичиндеги жарандык курулушта да ушундай ыкма пайдаланылышы керек эле. Бирок, тилекке каршы, Жогорку Кеңеш мындай курулуштарга уруксат берген жок. Бүгүнкү күндө жер тилкеси жетишсиз. Жердин ээлери менен куруучу компаниялар келишим түзүшөт. Ага ылайык, компания үч жылдын ичинде объектини куруп бериши керек. Менин тажрыйбам боюнча айтсам, уруксат кагаздарын алуу 1,5 жылга чейин созулат. Ал эми куруу процесси ушул кагаздарды алгандан кийин гана башталат. Биздин сунушубуз боюнча куруу иштеринин айрым жумуштарын параллелдүү алып кетсе болот. Азырынча бул нерсеге уруксат берилген эмес. Мыйзам кабыл алынса, көп ишкерлерге жол ачылмак. Өлкө ИДПсына да сезилерлик таасири тиймек", — деди Ибраев.

Адис шаарыбыздагы курулуштардын кеч бүткөрүлүп жатканынын себеби уруксат кагаздарынын көп убакытты алып жаткандыгында экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0