Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акулуев: "Электрондук нотариат" маалымат системасы иштеп жатат

© Фото / Касымова АлтынайАпостилдештирүү жана нотариат башкармалыгынын башчысы Урмат Акулуев. Архив
Апостилдештирүү жана нотариат башкармалыгынын башчысы Урмат Акулуев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апостилдештирүү жана нотариат башкармалыгынын башчысы Урмат Акулуев "Электрондук нотариат" долбоорун ишке ашырууда кемчиликтер аныкталса, авторлор аларды жоюу иштерин аткарарын айтты.
Акулуев: "Электрондук нотариат" маалымат системасы иштеп жатат

2019-жылдын 30-декабрынан тартып мамлекеттик жана жеке нотариалдык кеӊселерде "Электрондук нотариат" автоматташтырылган маалымат системасын функционалдаштыруу боюнча пилоттук долбоор иштеп баштады. Бул тууралуу Урмат Акулуев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылдын 26-декабрында Юстиция министрлигинин "Электрондук нотариат" автоматташтырылган маалымат системасынын пилоттук долбоорун тесттик режимде ишке киргизүү жөнүндө буйругу чыккан.

Ишке ашыруу учурунда кемчиликтер аныкталса, долбоордун авторлору аларды жоюу боюнча тийиштүү чараларды көрөт.

"Юстиция министрлиги тарабынан мамлекеттик нотариалдык кеӊселерине жабдуулар берилген, ошондой эле мамлекеттик жана жеке нотариустарга "Электрондук нотариат" автоматташтырылган маалымат системасын функционалдаштыруу боюнча атайын окуп-үйрѳтүү тренингдери ѳткѳрүлдү. Бүгүнкү күндө "Электрондук нотариат" автоматташтырылган маалымат системасы толук кандуу иштеп жатат", — деди Акулуев.

Ал учурда тесттик режимде ишке ашырылып жаткан "Электрондук нотариат" автоматташтырылган маалымат системасы алгылыктуу жыйынтыгын берсе, өлкө аймагындагы бардык мамлекеттик жана жеке нотариалдык кеӊселерде орнотула тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0