Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бегилерова: өлүм жазасын киргизүүгө болбойт

© Sputnik / Асель СыдыковаЧлен совета адвокатов Кыргызстана Мейил Бегилерова
Член совета адвокатов Кыргызстана Мейил Бегилерова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адвокаттар кеңешинин мүчөсү, адвокат Мейил Бегилерова өлкөдө өлүм жазасынын ордуна мыйзамда өмүр бою эркинен ажыратуу каралганын айтты.
Бегилерова: өлүм жазасын киргизүүгө болбойт

Өлүм жазасын азыр дагы, жүз жылдан кийин дагы киргизгенге болбойт. Бул тууралуу Мейил Бегилерова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, адам баласы бүл дүйнөгө жаралган соң ичер суусу, көрөр күнү бүткөндө гана өлгөнү туура.

"1998-жылдан баштап ошол кездеги президенттин буйругу менен өлүм жазасына мораторий жарыяланган. 2005-жылы анын мөөнөтү бир жылга узартылган. 2006-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизилип, өлүм жазасы алып салынган. Ага чейин кирген өкүмдөр 2008-жылы Жогорку сот тарабынан каралып, автоматтык түрдө өмүр бою эркинен ажыратууга өзгөртүлгөн. Былтыр күчүнө кирген мыйзамдарда дагы өлүм жазасы жок. Өлүм жазасын азыр дагы, жүз жылдан кийин дагы киргизгенге болбойт. Эгер өлүм жазасын киргизе турган болсок, адам өлтүргөндөрдөн айырмабыз кандай", — деди Бегилерова.

Ошондой эле адвокат мыйзамда өтө оор кылмыштарга адам өлтүрүү, зордуктоо, жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук көрсөтүү, террористтик акт, куралдарды сатуу жана аны таркатуу, жалпы элге каршы кылмыштар боюнча бир нече беренелерде өмүр бою эркинен ажыратуу каралганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0