Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Татиков: акчаны мамлекеттик баалуу кагаздарга салуу ишенимдүү

© Sputnik / Асель СыдыковаРуководитель управления государственных долгов Министерства финансов Руслан Татиков
Руководитель управления государственных долгов Министерства финансов Руслан Татиков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финансы министрлигинин мамлекеттик карыздар башкармалыгынын башчысы Руслан Татиков жарандар мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алып пайда тапса боло турганын белгилейт.
Татиков: акчаны мамлекеттик баалуу кагаздарга салуу ишенимдүү

Мамлекеттик баалуу кагаздарды алуу ишенимдүү. Анткени мамлекет эч качан банкрот болбойт. Бул тууралуу Руслан Татиков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик баалуу кагаздар сом менен чыгарылып, суммасына чек коюлбайт.

"Баалуу кагаздар экиге бөлүнөт. Мамлекеттик казыналык векселдер кыска мөөнөттүү, пайызсыз болуп эсептелип, бир айдан 12 айга чейин берилет. Наркы жүз сомго барабар. Мамлекеттик казыналык облигация болсо пайыздык кирешеге ээ, бир жылдан ашык убакытка берилет. Алып жаткан адам пайызы, мөөнөтү тууралуу банктын кызматкеринен сурап алса болот. Алар республикалык бюджеттин дефицитин каржылоо, буга чейин алынган карызды кайрадан жабуу же каржылоо жана баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүш үчүн чыгарылат. «Акчаны депозитке салганга караганда баалуу кагаздарга алмаштыруу эмнеси менен пайдалуу?» деп көп сурашат. Бизде Депозиттерди коргоо агенттиги бар. Ал банк жабылып же банкротко туш болгон учурда депозиттердин кепилденген 200 миң сомун гана төлөп берет. Депозит ээсинин калган акчасы күйүп кетет. Ал эми казыналык облигацияга алмашса, анын төлөнүшү мамлекет тарабынан кепилденип, толугу менен белгиленген мөөнөттө кайтарылып берилет. Анткени мамлекет өз жаранына акчасын төлөп бербей коюудан пайда таппайт", — деди Татиков.

Ошондой эле ал Улуттук банктан лицензия алган банктын баарынан мамлекеттик баалуу кагаздарды алууга мүмкүн экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0