Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шакиров: чет өлкөлүк кудалар үчүн атайын виза иштелип чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековТышкы иштер министрлигине караштуу Консулдук иштер департаментинин директорунун орун басары Бактияр Шакиров. Архив
Тышкы иштер министрлигине караштуу Консулдук иштер департаментинин директорунун орун басары Бактияр Шакиров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тышкы иштер министрлигине караштуу Консулдук иштер департаментинин директорунун орун басары Бактияр Шакиров Кыргызстанга келүүнү каалаган чет өлкөлүк конокторго виза берүү шарттары жеңилдетилгенин айтты.
Шакиров: чет өлкөлүк кудалар үчүн атайын виза иштелип чыкты

Чет өлкөлүк куда-сөөктөр үчүн атайын "Туугандар визасы" иштелип чыкты. Бул тууралуу Бактияр Шакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, визанын бул түрү бир жылга берилет.

"Ааламдашуу доорунда кыргыздар дүйнөнүн ар бурчуна кетип, отурукташып да калышууда. Алар ошол жактын жарандыгын алып, Кыргызстанга келгенде расмий түрдө чет өлкөлүк болуп эсептелишет. Ошондой эле кыргыз жаранына турмушка чыккан же кыргыз кызына үйлөнгөн чет өлкөлүктөрдүн да саны жыл санап өсүүдө. Алар да бул жактагы тууган-уругу менен карым-катнашта болгусу келет. Мына ушундай чет элдик коноктор үчүн Тышкы иштер министрлиги жаңы үлгүдөгү "Туугандар визасын" иштеп чыкты. Ал туура бир жылга берилет жана аны жыл сайын узартууга мүмкүн болот. Аталган визаны алуу үчүн Кыргызстанда туугандары бар жана КР жаранына үйлөнгөн же турмушка чыккан чет өлкөлүк туугандар ортосундагы жакындыкты тастыктаган документтерди бизге жөнөтүшү керек. Биз аны беш күндүн ичинде карап чыгып, тийиштүү жообун беребиз", — деди Шакиров.

Аткаминер виза берүү процедурасы 2017-жылы электрондук системага өткөндөн баштап 2020-жылга дейре Кыргызстанга келүүнү каалаган 55 миң чет өлкөлүк мейманга виза берилгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0