Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Рысалиев: браконьерлерге каршы дрон менен күрөшүп жатабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековКурчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин маалыматтык кызматынын жетекчиси Бактыбек Рысалиев. Архив
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин маалыматтык кызматынын жетекчиси Бактыбек Рысалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин маалыматтык кызматынын жетекчиси Бактыбек Рысалиев мыйзамсыз аңчылык кылгандар менен ар кандай ыкмалар аркылуу күрөшүп жатышканын айтты.
Рысалиев: браконьерлерге каршы дрон менен күрөшүп жатабыз

Биздин агенттик дрон алган. Аны менен кызыл китепке кирген жаныбарларга аңчылык кылган мергенчилерди көзөмөлдөп жатабыз. Бул тууралуу Бактыбек Рысалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн аймагында жапайы жаныбарлардын көбөйүп калгандыгы байкалууда.

"Биз жыл сайын кызыл китепке кирген жаныбарларды санап турабыз. Быйылкы санак иштери да жакында эле жыйынтыкталды. Эми аймактардан отчеттер келсе, жалпы саны болжолдуу түрдө белгилүү болот. Өлкөдө жылдан-жылга жапайы айбанаттардын көбөйүп жатканы байкалат. Буга мыйзамсыз аңчылыкка болгон көзөмөлдүн күчөтүлүшү себеп. Техниканын өнүгүүсү менен ар кандай ыкмаларды колдонуп, жаныбарларга фото капкан, видео көзөмөл коюп, булар аркылуу да мергенчилерди карап туруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Ошондой эле агенттик атайын мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган аңчыларды кармоо максатында дрон сатып алган", — деди Рысалиев.

Ошондой эле ал кыргыздын тоолорун байырлаган жапайы жандыктар арасында баланс турктуу экендигин, мунун арты менен жырткыч жаныбарлардын азыктары жетишерлик деп эсептелерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0