Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ызак уулу: атылган илбирске экинчи операция жасалышы мүмкүн

© SputnikБиотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин жетектөөчү адиси Бекболот Ызак уулу
Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин жетектөөчү адиси Бекболот Ызак уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин жетектөөчү адиси Бекболот Ызак уулу Талас облусунда атылган илбирстин учурда абалы жакшырып калганын айтты.
Ызак уулу: атылган илбирске экинчи операция жасалышы мүмкүн

Бала илбирске атылган 70 чачма ок башынын бир капталынан гана табылды. Бул тууралуу Бекболот Ызак уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, илбирске экинчи ирет операция жасалышы мүмкүн.

"Талас облусунда башына ок жеп элге түшүп келген бала илбирс эки жашта экени аныкталды. Ал жаңы кармалганда көзүнөн кан агып, абалы оор эле. Рентген аппаратына түшүргөндө башынын бир капталына гана 70 ок тийгени көрүндү. Ветеринарлар анын 18ин операция кылып алып салышты. Калганы табигый жол менен чыгып же өмүрүнө коркунуч жаратпай, башында кала бериши мүмкүндүгүн айтышты. Бирок илбирстин башынын экинчи бөлүгүнө да тийген октун издери турат. Ошондой эле мындай тактар денесинен да табылды. Буларды да аппаратка түшүргөн соң операция жасоо зарылчылыгы келип чыгышы мүмкүн", — деди Ызак уулу.

Адис учурда илбирске тамчылатма дары куюлуп, жаныбар ветеринарлардын көзөмөлүндө болуп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0