Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Арпачиев: Азия биринчилигине катышкан ар бир спортчуга 3500 доллар бөлүнөт

© Sputnik / Асель СыдыковаЖаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Арпачиев. Архив
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Арпачиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Арпачиев чет өлкөдө өткөн мелдештерге катышкан спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча улуттук курама командалар толугу менен өкмөт тарабынан каржыланарын айтты.
Арпачиев: Азия биринчилигине катышкан ар бир спортчуга 3500 доллар бөлүнөт

Бүгүнкү күндө Азия чөлкөмүндөгү чемпионаттарга барган ар бир спортчуга кеминде 3500 АКШ доллары каралат. Бул тууралуу Канат Арпачиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бюджеттен эл аралык мелдештерге бөлүнгөн каражат спорттун түрү, мелдештин деңгээли жана өткөн жерине жараша болот.

"Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча бардык курама командалар мамлекет тарабынан каржыланат. Алардын машыгуу процессине, тамак-аш, дары-дармек, жатакана жана чет өлкөдө өткөн мелдештерге барып келүүсүнө чейин бюджеттен акча каралат. Бүгүнкү күндө Азия чемпионатына барган ар бир спортчуга орто эсеп менен 3500 АКШ доллары бөлүнөт. Анын 1000 доллары учак менен барып келүүсү үчүн билетке жумшалса, 500 доллары жатаканасына кетет. Калганы мелдеш учурундагы башка чыгымдарга коротулат. Ал эми дүйнө биринчилигине бара турган спортчуларга бөлүнө турган акча чемпионат өткөн мамлекеттин алыстыгына жараша болот. Калган мелдештерге спорттун түрү, деңгээли жана өткөн жерине жараша каражат каралат", — деди Арпачиев.

Аткаминер өлкөдө жыл сайын спорттун жаңы түрлөрү пайда болуп жатканын айттып, учурда 120 түрү бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0