Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шакиров: туристтер үйдөн чыкпастан беш күндүн ичинде виза алса болот

© Sputnik / Табылды КадырбековТышкы иштер министрлигине караштуу Консулдук иштер департаментинин директорунун орун басары Бактияр Шакиров
Тышкы иштер министрлигине караштуу Консулдук иштер департаментинин директорунун орун басары Бактияр Шакиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тышкы иштер министрлигине караштуу Консулдук иштер департаментинин директорунун орун басары Бактияр Шакиров чет элдик жарандарга тоо туризми, туугандар, мекен жана мейман деген төрт түрдөгү виза берилерин айтты.
Шакиров: туристтер үйдөн чыкпастан беш күндүн ичинде виза алса болот

Кыргызстанга келгиси келген чет элдик жарандар беш күндүн ичинде үйүнөн чыкпастан электрондук виза ала алат. Бул тууралуу Бактияр Шакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул аракеттер коррупциялык тобокелчиликтерди жоюуга багытталган.

"2017-жылдын сентябрынан тарта электрондук виза порталы иштеп баштаган. Ага ылайык, чет элдик жарандар үйүнөн чыкпастан, күн-түн дебей виза ала башташты. Ошол жылдын этегине чейин аны тесттик режимде иштеттик. 2019-жылы өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында бул идеяны дагы өрчүтүү үчүн талдоо иштерин жүргүздүк. Анда визалык борборлорго келип жаткан чет элдик жарандардан, туристтик операторлордон жана ушул тармактагы бизнес структураларынан сурамжылоо жүргүздүк. Натыйжада тоо туризми, туугандар, мекен жана мейман деген төрт визаны ойлоп таптык. Негизинен басым туризмге жана инвестиция тартууга жасалды. Анткени Кыргызстандын туристтик потенциалы абдан жогору. Чет элдиктер тоо туризмине артыкчылык берет. Андан тышкары, кышкы туризм, жайкысын трекинг турлар өнүгүү жолунда. Мына ушундан улам чет элдик жарандар электрондук визага кирип, реквизиттерин толтуруп, банк карточкасы аркылуу төлөмдөрүн төлөп эле электрондук дарегине беш күндүн ичинде виза ала тургандай шарт түздүк", — деди Шакиров.

Ошондой эле туристтик визалар негизинен 90 күнгө берилип, андан кийин да ар кандай шарттарга байланыштуу 90 күнгө чейин узартуу мүмкүн экендиги кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0