Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бообекова: күтүү бактысыздыкка алып келиши мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековКандидат педагогических наук, психолог Кадиян Бообекова
Кандидат педагогических наук, психолог Кадиян Бообекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Психолог, педагогика илимдеринин кандидаты Кадиян Бообекова кыздар болочок жолдошун же күйөөгө чыккандан соң деле аны өз атасына салыштырбашы керектигин айтты.
Бообекова: күтүү бактысыздыкка алып келиши мүмкүн

Күтүү — адамды бактысыздыкка алып келиши мүмкүн. Мисалы, кыз бала өмүрлүк жарынан өз атасына окшош жактарын издеп, күтүп жүрүп жашоосун бактысыз өткөрүүгө өзү себепкер болуп калган учурлар кездешет. Бул тууралуу Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыздар аң-сезиминде күйөөсүн өзүнчө бир жеке адам катары карап үйрөнүшү зарыл.

"Ата-энесинин, өзгөчө атасынын мээримин жеткиликтүү алган кыздар жашоодо бактылуу болот деп келебиз. Бирок бул ошол мээримди кыздын кандай кабыл алганына байланыштуу болот. Ал атасы болгону үчүн аны жакшы көрүп, сыйлап, андан мээрим алдым деп ойлоп алышы мүмкүн. Кийин жашоосунда ошондой мээримди жолдошунан өмүр бою күтүп өтүшү толук ыктымал. Бул жерде чынында ал кыздын күтүүсү гана болууда. Атасы ошол кыз ойлоп жүргөндөй мээрим бере алганбы же күйөөсү чынында эле жеткиликтүү деңгээлде аялына көңүл бурбай жатабы, бул башка маселе. Андыктан кыздар жаштайынан болуп жаткан ар бир окуяга, айланасындагы ар бир адамга анализделген баа берүүнү үйрөнүшү керек", — деди Бообекова.

Психолог башкалардан бир нерсени күтпөй жашаган адамдар өзүн көбүрөөк бактылуу сезерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0