13:36 22 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.5323
  • RUB1.0863

Чочунбаева: кол өнөрчүлүктү үйрөтчү мамлекеттик программа болушу зарыл

Радио
Кыскача шилтеме алуу
38 0 0

"Оймо" фестивалынын башкы директору, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү боюнча серепчи Динара Чочунбаева улуттук буюмдарды жасоо өнөрү жаштарга өткөрүлүп берилбей жатканын айтты.

Кытай, Япония, Корея жана Индия мамлекеттеринде кол өнөрчүлөргө берилчү "Улуттун сыймыгы" деген наам бар. Наам берүү сунушун Жогорку Кеңешке киргизип эле жатабыз. Бирок, тилекке каршы, жылыш жок. Бул тууралуу Динара Чочунбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кол өнөрчүлүктү муундан-муунга өткөрүү үчүн усулдук китептер чыгарылышы керек.

"Кол өнөрчүлүк кылымдан-кылымга, муундан-муунга өтүп келчү. Азыркы заманда бул өнөр жаш муунга үйрөтүлбөй калды. Анын үстүнө кызыгуу жок. Бул өтө түйшүктүү нерсе. Кийиз жасоодо анын жумушу абдан көп, үзүрүн ошол замат көрбөйт. Жайында кийиз жасап, кышында шырдак шыруу керек эмеспи. Азыр жасалма кийиздер да чыга баштады. Андан тышкары, окуу жайларда кол өнөрчүлүк боюнча билим жетиштүү берилбейт. Ошол эле КМКТАУ, Чуйков атындагы Көркөм сүрөт окуу жайында, колледждерде өнөрдү алып жүргөн адистер жок. Ал эми кол өнөрчү апаларыбыз аз эле калды. Бул кишилерди биз баалабай жатабыз. Өнөр ээлерине мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлүнүшү керек. Аларга наам берип, ошол билимин жаштарга үйрөтүүгө шарт түзүп берсе болот эле", — деди Чочунбаева.

Ал учурда калк арасында улуттук буюмдарды колдонуу азайып, үй жасалгасы, төшөктөрү европа стилинде болуп, жада калса кийинүү стили да бири-бирине окшошуп калганын кошумчалады.

Тема боюнча

Чочунбаева: фестивалдын негизги катышуучулары — элеттик кол өнөрчүлөр
Белгилер:
билим, жаштар, кол өнөрчүлүк, Динара Чочунбаева

ЭҢ МААНИЛҮҮ