Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шаршеев: 2016-жылдан бери чек арачылардын арасында суицид катталган жок

© Sputnik / Асель СыдыковаМамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев. Архив
Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев 2019-жылы чек арага жакын аймактарды өнүктүрүү тапшырмасы берилип, ага ылайык алгылыктуу иштер аткарылганын айтты.
Шаршеев: 2016-жылдан бери чек арачылардын арасында суицид катталган жок

Өкмөт бөлгөн каражатка кыргыз-өзбек чек арасынын 40 чакырым жери зым менен тосулду. Бул тууралуу Уларбек Шаршеев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өкмөттөн дагы каражат берилип, ага ок-дары алып чек ара кызматкерлери кошумча машыкканга да мүмкүнчүлүк түзүлдү.

"Мурда аскер кызматкерлеринин арасында "дедовщина" деген коркунуч бар болчу. 2016-жылы анын кесепетинен бир нече кызматкер өз өмүрүн кыйган. Андан бери чек ара кызматкерлеринин арасында суицид катталган жок. Бирок, тилекке каршы, акыркы болгон чыр-чатактардын негизинде жаракат алган же өлүмгө учураган кызматкерлер болду. Мына соңку жаңжалда прапорщик Равшан Муминов каза тапты. Анын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам. Албетте, мекени, жери үчүн курман болгон азаматтардын жакындарына моралдык, материалдык жардам көрсөтүп турганга даярбыз. Ал эми аскер кызматкерлери жумушун так жана туура аткарышы үчүн бардык шарттарды түзүп жатабыз. 20дан ашык чек ара заставасы курулду. Кыргызстан ЕАЭБге кошулгандан бери Россия тарабынан 11 заманбап чек ара бөлүктөрү курулуп, 125 техника берилди", — деди Шаршеев.

Ал аскер бөлүктөрү, чек ара өткөрүү пункттары видео байкоо техникасы менен жабдылып, аткарган жумуштарына мониторинг жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0