Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ниязов: өлкөдө сатира жанрын жазгандар жок болууда

© Sputnik / Табылды КадырбековНародный артист Кыргызстана, юморист Келдибек Ниязов
Народный артист Кыргызстана, юморист Келдибек Ниязов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз Республикасынын эл артисти, куудул Келдибек Ниязов сатира жанрына мамлекет тарабынан тиешелүү көңүл бурулбай жаткандыгын айтты.
Ниязов: өлкөдө сатира жанрын жазгандар жок болууда

Учурдагы куудулдуктун сапатын көтөрүү үчүн сатира жанрына көңүл буруу зарыл. Тилекке каршы, азыр сатира жазган бир дагы акын-жазуучу жок. Бул тууралуу Келдибек Ниязов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сатира — татаал жанр.

"Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов сатира жаратуу татаал деп айтчу. "Мен да бул жанрды колдонгум келет, иш сапарларда учакта баратып идеяларды бышырам, бирок кагазга жеткиликтүү деңгээлде түшүрө албайм" деп айтчу залкар жазуучу. Чынында сахнага ылайыкташтырып, сапаттуу сатира жазуу, элди күлдүрүү татаал. Ошентсе да буга чейин белгилүү акын, жазуучулар бул тармакта да чыгармаларды жаратып келишкен. Анын негизинде сахналаштырылган интермедиялар кылым өтсө да алиге чейин көрөрмандарга күлкү тартуулап келет. Мына ушундай сатиралар жазылбай калгандыктан учурдагы куудулдарга эл күлбөй калды. Профессионалдуулук аксап жатат, бул көйгөй менен мамлекеттик деңгээлде күрөшүү зарыл", — деди Ниязов.

Ал күлкү жанрынын оордугунан да бул тармакка тартылган артисттердин саны аз болорун, ар заманда ашып кетсе бирден гана куудулдун аты каларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0